Калыстык бар жерде адилеттик бар!
Нурлан Малдыбаевбир убакта таасирленген адамын пир тутуп, юрист кесибин аркалап, анын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, чындыктан тайбай сот системасында иштеп келе жаткан инсандарыбыздын бири. Бүгүнкү күндө өзү жаш болсо да, кесиптештерине кеп-кеңешин айтып, бирөөлөрдүн кумирине айланган тажрыйбалуу, кесипкөй судья Н.Малдыбаев 2020-жылдын 23-июнундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде Аламүдүн райондук сотуна судья болуп дайындалган. Буга чейин Нарын облустук сотунда судья,Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппарат кызматкери, биринчи сектор башчысы болуп иштеп келген. Нурлан мырзанын айтымында Аламүдүн райондук сотунда100 иш каралса, анын токсону Жогорку сотко жетпей, 1-инстанцияда чечилет. Акыйкаттыктын акыркы ишениминен үмүт кылгандар мыйзам чегинде чыккан чечимдерге ыраазы болуп кайтышат.
Аламүдүн райондук сотунда судьялык кызматты аркалаган каарманыбыз Нурлан Малдыбаев менен соттордун көз карандысыздыгы, Аламүдүн райондук сотунун мамлекеттик органдар менен эриш-аркак иш алып баруусу, санариптештирүү, ж.б. тууралуу баарлаштык.
Нурлан Малдыбаевич, соттордун көз карандысыздыгы боюнча азыр абал кандай? Жеке практикаңызда соттук иштериңизге кимдир-бирөөлөр тарабынан кандайдыр-бир басым болду беле?
Кыргыз Республикасынын Конституциясында “Судьялар көзкарандысыз, Конституциягажанамыйзамдаргагана баш ийет. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу ишине ар кандай кийлигишүүлөргө тыю усалынат” деп жазылган.Баш мыйзамда айтылгандай соттор көз карандысыз орган. Алардын ишине эч ким кийлигише албайт. Акыркы 5 жылдан бери 5-март Кыргыз Республикасынын сот тутумдарынын күнү катары белгиленип келет. Быйыл да булкүнү Ала-Арча резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен майрамга арналган салтанаттуу жолугушуу болду. Ал сот системасынын кызматкерлерин соттордун көз карандысыздыгына жетишүүдө кимдир-бирөөлөрдүн үстөмдүгүнө кабылбай,мыйзамдынчегиндеишалыпбаруусун, андай терс көрүнүштөргө жол берилбесин баса белгиледи. Эгерде кандайдыр бир органдардан басымдар болсо, түз байланышуу үчүн телефон номурун берип, купуялуулук сакталаарына кепилдик берилээрин айтып өттү.
Кыргызстанда 500дөй судья бар.Бирок, бүгүнкү күндө соттор толук кандуу көз карандысыздыкка жетишти деп айтуу кыйын.“Беш кол тең эмес” дегендей, баары эле укмуш, сонун дегенден алысмын. Административдик ресурс же болбосо, кыргызда тууган-туушкандар, жакын адамдар ортодо чоң роль ойноп, же жогорку жактардан кимдир бирөөлөрдүн басымында калган судьяларды да угуп жүрөбүз.Андай кадамдарга барган судьялар бүтүндөй сот системасына көө жабат.Иштеп жүргөн учурда ар кандай нерселерге тушугуп калышың мүмкүн. Бирок, бул тармакка келип иштеген жылдар аралыгында жеке мага бир дагы жолу жогору жактан же кимдир-бирөөлөрдөн тапшырмалар, көрсөтмөлөр болгон эмес.Бизде соттор кеңеши иштейт. Аларга биз бир иш боюнча баланча органдан же кандайдыр бир адамдардан басым болуп жатканын билдирүүгө мүмкүнчүлүк чоң. Соттук тажрыйбада жалпы иш алып баруудагы жарандык иш болобу, жазык ишин алып барабызбы ошол учурда бизге мыйзамдар боюнча багыт берчү пленумдар бар.Жогорку соттун пленуму сот практикасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын бардык соттору жана судьялары үчүн милдеттүү болгон түшүндүрмөлөрдү берет. Ал жерде 30-40 жыл иштеген залкар инсандар мыйзамдарды колдонуунун тартибин пленумга киргизишкен. Биз сөзсүз аларга таянып иш алып барабыз.
Кимдир-бирөөнүн басымында калып, туура эмес чечим чыгаруу өтө кыйын. Себеби, ар бир судья мыйзамдарга таянып иштегендиктен, туура эмес чечим чыгаруу мүмкүн эмес. Сот процесстеринде туура эмес жасалган иштер тез эле билинип, таамай көрүнүп калат. Бир иш бышып-жетилмейинче, чечимди чыгара албайсың. Менин жеке инсандык абийириме андай жат көрүнүштөр жол бербейт. 1-инстанциядагы соттук чечимдерден мүчүлүштүктөр, кемчиликтер кетсе, биздин чечимге нааразы тарап облустук сотко апелляциялык тартипте даттанууга укугу бар. Эгерде 1- инстанцияда кемчиликтер кеткен болсо, алардын баары2-инстанцияда жоюлушу керек. Акыркы чечимди Кыргыз Республикасынын Жогорку соту чыгарат. Биз ага жеткирбей, баарын мыйзам жолунда туура чечкенге аракет кылабыз. Мисалы, биздин 1-инстанциядагы каралган 100 ишибизден 10%ы даттанууга кайрылышы мүмкүн. Соттун чечимдери мыйзам чегинде чыккандыктан, калгандары ага макул болушат.
Тажрыйбалуу судья катары жаштар, жаңы жумушка келгендер менен өзүңүздүн тажрыйбаларыңызды бөлүшүп, акыл-насааттарыңызды айткан учурларыңыз болобу?
Албетте, андайучурларкөп эле болот. Мурда курьерден баштап, сот отурумунун катчысы болуп 5 жыл иштегем. Мен дагы аппарат кызматкери болгом. Сот болуу деңгээлине жетишүү үчүн адам көп кырлардан ашып, бир нече баскычтарды басып, тажрыйбалардан өтүш керек. Мамлекет тарабынан ыйгарылган судьялык милдеттерди аткарууда жоопкерчиликтүү жана принципиалдуу мамиле жасоо биздин күндөлүк ишибиздин айныгыс эрежеси болууга тийиш. Ар бир соттук чечимдин артында адамдын тагдыры тураарын эч качан эстен чыгарбашыбыз керек. Соттун калыс, акыйкат чечими адамдардын мамлекеттик бийликке карата ишенимин арттырат. “Соттон адамдар адилеттүүлүктү, акыйкаттыкты издеп келет. Чындыкты издеп келгендер бул жерден кичипейил, жакшы мамиленин жана эңжогорку маданияттуулуктун, цивилдүүлүктүн үлгүсүн көрүп кетиш керек» деген акыл-насааттарымды өзүмдүн жардамчыма, сот жыйынынын катчысына жана жаштарга айтып келем.
Сиздердин райондук сотто санарипиштерикандайжүрүпжатат?
Иш козголуп тергөө органдарынан өтүп, бизге келгенден кийин кабыл алган токтому, протоколдору, тиркелген кагаздарынын баары АИС программасына катталат. Мурда төрага ар кимдин ишине жараша өзү бөлүп келсе, азыр бизде жазык иштери боюнча иштеген 4 судьяга ишти кароо автоматтык түрдө (АРД) бөлүштүрүлөт.Мындайча айтканда бул иштер компьютердин жардамы менен ишке ашырылат. Соттук жыйындар аудио-видео фиксациялоо системасы менен толук камсыз болгон. Белгилей кетсем, Чүй облусу боюнча Аламүдүн, Бишкек шаарынан Октябрь, Ленин райондук соттору пилоттук негизде иштеп баштаган. Сот отурумдарынын жыйындарынын протоколдору аудио-видиолор аркылуужазылат. Процесстеги болгон иштер башынан аягына чейин дискке көчүрүлөт. Эгерде иш каралып бүткөндөн кийин анын үстүнөн жогорку инстанцияларга даттануу арызы түшсө, даяр дисктер кошо жөнөтүлөт.Белгилей кетсек, өнүккөн мамлекеттер электрондук вариантка эчак өткөн. АИС программасы менен Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык сотторду толук кандуу камсыздай албасак да, кээ бир мамлекеттерге караганда санариптик багыттагы иштер бизде жогорку деңгээлде жүрүп жатат.
Пандемия убагында СИЗОлорго кире албагандыктан, абакта олтурган айыпталуучулар менен аралыктан иштөөгө туура келди. СИЗОДО видебайланышы бар 6 залыбыз бар. Иш тартиби боюнча күн мурунтан интернет аркылуу залды брондоп, Жогорку соттун алдындагы Адилет сотуна жана СИЗОго билдирүү жөнөтүлөт. Ошого жараша айыпталуучулардын ишин карай турган күнү залды онлайн байланышы менен камсыздашат. Ал эми камаганга негизи жок майда кылмыштуулук боюнча абакта олтурбаган айыпталуучулардын иштерин сот залдарында ачык түрдө эле өткөрүп келебиз.
Мамлекеттик органдар менен да эриш-аркак иш алып барасыздарбы?
Мен кылмыш жана жоруктар боюнча иш алып барам. Бизде мыйзамсыз, алдамчылык менен жер сатуу маселелери көп. Трансформацияланбаган жерлер менчикке берилип кеткен. Бири-бирине сатылган жерлерди мыйзамдаштырбай туруп үй куруп алышкан жарандар кездешет. Мындай чекит коюлбаган талаштуу маселелерди экотехинспекция, РИИБ, прокуратура, архитектура, мамкаттоонун кызматкерлери, айылөкмөттөрү ж.б. тиешелүү мамлекеттик органдар менен чогуу олтуруп мыйзам чегинде чечебиз. Ишти карап жатканда бир топ маселелер чыга берет. Мисалы эң эле жөнөкөй жарандык иштер боюнча доо арызды туура жазуу, аны берүүдө кандай документтер талап кылынаары тууралуу маселелер боюнча да тыгыз иш алып барабыз.
Мектеп окуучулары үчүн биздин эшигибиз ар дайым ачык. Алар боюнча биздин төрага Кылыч Байсовөзү да иш алып барат. Ал киши биздин тажрыйбалуу менеджер деп баса белгилегим келет. Жаш балдардын кылмыштуулукка барбоосу үчүн алдын алуу максатында сот отурумдарына мектеп окуучулары жана каалаган жарандар келип катышса болот. Мамлекеттик купуя сырларды сактоо боюнча каралган иштер мыйзам боюнча жабык түрдө өтөт. Мисалы, жарандык иштер боюнча бала асырап алуу жана жазык иштери боюнча зордуктоо, жыныстык кол тийбестик, ж.б. Андан сырткары бизде сот жыйындары ар дайым ачык өтөт. Кылмыш иштери боюнча ачык өткөн сот отурумдарына каалоочулар келип катышып жүрүшөт. Мектептерге барып, алдын алуу иштери боюнча окутууларды жүргүзүп турабыз.Бул өспүрүм курактагылардын кылмыш иштери жаман нерсе экенидигинин алдын ала түшүнүүсүнө, ага барбоого жана мыйзамды бузбоого чоң өбөлгө түзөт.Балким, ал балдарда сот системасына кызыгуу пайда болуп,келечекте прокурор, судья болот. Демек, алардынкыялдарынынорундалышына, өсүшүнө мындай иштерчоңтүрткү болот депишенем. Себеби, азыр өспүрүм курактагылар кызуу кандуулук менен ар кандай кылмыштарга барышууда. Кылмыштуулукка бөгөт коюуда мамлекеттик деңгээлдеги алдын алуу иш-чараларын күчөтүшүбүз абзел. Мектеп окуучуларынын юридикалык сабаттуулугун, билимин арттыруу максатында мектеп программасындагы“Укук” сабагынан көбүрөөк маалымат берүү керек. Теледен бул багыт боюнча атайын программалар, социалдык тармактардан күчтүү, таасирлүү роликтер даярдалып берилсе бир топ кылмыштуулуктун саны азаят эле.
Сот болом деген тилегиңиз кантип орундалып калды?
Кыска өмүрдүн түбөлүк бактысы – мал-мүлк жыйноо, байлык чогултуу эмес. Ал акниетмененэлгекызматкылуу. Атынажакшыныжабыштырып, артындаиз калтыруу. Менин жашоодогупринциптериммынаушундай. Жакшы адамдын сырткы көрүнүшүн, кийимин, баскан-турганын, сүйлөгөнүн, жашоосун, кылган кызматын сыртынан көрүп баары суктанышат. Мен дагы ушундай болсом деп кыялданышат. Бирок, мындай көксөөлөр убакыттын өтүшү менен ой-максаттар миң кубулуп, акырында ал нерселер куру кыялдарга айланып калышы эч кеп эмес. Эң биринчи максат коюп кыялдануу керек, анан ага жетүү үчүн аракет кылуу адамдын өзүнө гана байланыштуу болот.
Мен мектепти бүткөн жылдары Улуттук университеттин юридикалык факультетине өтүп, юрист болуу “айга колуң жеткен” менен барабар эле. Абдан кадыр-барктуу, салабаттуу, сыйлуу, кеби-сөзү өтүмдүү сот болуп көп жыл иштеген тууганыбыз бар эле. “Мен дагы ушундай болом” деп ошол кишиге абдан таасирленип кыялданчумун. Ата-энем К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтун бүтүрүшкөн. Алардын айыл чарба тармагы боюнча кетесиң дегенине карабай, кумир туткан сот байкемдин кесибин улайын деп мектепти аяктаган соң,Улуттук университеттин юрфагына тапшырып, ийгиликтүү аяктадым.
Эң алгачкы кызмат жолумду Кыргыз Республикасындагы Жогорку Арбитраждык сотунда курьер болуп иштөөдөн баштагам. Андан кийин сот отурумунун катчысы, улук катчысы болуп иштедим. 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, анын негизинде Жогорку сот менен Жогорку Арбитраждык сот бириктирилген. Ошол мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун аппаратында иштедим. Ал жерде бүгүнкү күнгө чейин түз, таза, адилет иштеген үлгүлүү судьяларды көрүп, аларга таасирлендим, сабак алдым.Мантия кийип, акыйкаттыктын акыркы ишеничин актасам деген тилегим орундалды. Кызыктуу жана ар тараптуу кесибимди сүйөм, ал – менин жашоом деп сөзүмдү аяктайын.
Бактыгүл Кулатаева