Нурлан Мотуев “расалык, этникалык, улуттар аралык кастыкты козутууга” шек саналып кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаардык милициянын Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери 16-октябрда Инстаграм социалдык түйүнүнө мониторинг жүргүзүүдө nurlan_motuev_official аталышындагы баракчада кастыкты козуткан видеону аныкташкан.
“Анда ал, улуттун аз өкүлдөрүн басынтып, алардын улутуна ар кандай мүнөздөмө берүү менен коомчулукту интернет желелери аркылуу үгүттөп, улуттар аралык кастыкты козутууга аракет кылган”, — деп айтылат маалыматта.