"Эркин-Тоо"

Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Азербайжанга иш сапары менен учуп кетти

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Азербайжанга иш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш сапардын алкагында Шакиев Азербайжан элинин жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган иш-чараларга катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Муну менен катар Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын Башкы кеңсесине барып, ишмердүүлүгү менен таанышат.

Белгилей кетсек, Шакиевди Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов жана Азербайжан менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Искендер Матраимов коштоп кетти.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!