Бүгүн, 10-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкек шаарындагы №48 атайын мектепке чейинки билим берүү мекемесине барды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты.
«Аталган бала бакчадан төраганын дарегине кайрылуу түшүп, компьютерге муктаждык бар экени айтылган. Нурланбек Шакиев кайрылууга кайдыгер карабай, бөбөктөргө зарыл болгон заманбап компьютерлерди алып барды», — деп айтылат маалыматта.
Төраганы депутат Шайлообек Атазов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров баштаган жергиликтүү жетекчилер коштоп барды.
Кошумчалай кетсек, азыркы тапта №48 атайын мектепке чейинки билим берүү мекемесинде начар уккан, интеллектуалдык өнүгүүсү төмөн, сүйлөө кеби начар өнүккөн 3 жаштан 7 жашка чейинки курактагы жалпы 222 бала тарбияланат.