18-сентябрда КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Корея Республикасына иш сапары менен барат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматыи билдирди.
Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Төрага Нурланбек Шакиев Борбор Азия мамлекеттеринин жана Корея Республикасынын парламенттеринин төрагаларынын конференциясына катышып, бир катар жолугушууларды өткөрөт.
Делегациянын курамында депутаттар Сүйүнбек Өмүрзаков, Камила Талиева, Динара Ашимова, Замирбек Мамасадыков, Балбак Түлөбаев, Бактыбек Чойбеков, Шайлообек Атазов бар.