4-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркиянын башкы акыйкатчысы Шереф Малкочту кабыл алды.
Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы алакалардын учурдагы абалына токтолуп: “Биз тарыхый байланышы терең, тили, дини, үрп-адат, каада-салты окшош тектеш элбиз. Андыктан, биз бир туугандык жана боордоштук мамилелерди өнүктүрүп, бардык багыттар боюнча кызматташтыкты кеңейтишибиз зарыл”, — деди.
Түркиянын башкы акыйкатчысы Шереф Малкоч Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирип, Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуштун жолдогон саламын жеткирди.
Эскерте кетсек, жолугушууга Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева жана Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган катышты.
Белгилей кетсек, Шереф Малкоч 2-сентябрда Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген.