Кыргызстандын мамлекеттик желегин алмаштырууга кеткен чыгымды демөөрчүлөр көтөрөрүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин отурумунда айтты.
Депутат Тазабек Икрамов аны кайрадан жасап чыкканга канча акча кетерин жана паспорттун бланкаларына жаңы желекти кимдер даярдап, жасай турганын сурады.
Шакиев мамлекеттик бюджеттен бир тыйын кетпейт деген жообун айтты.
«Коомчулукка туура эмес маалыматтар тарап жатат. Бир дагы унаанын мамлекеттик номери туу өзгөргөн күнү же ошол айда алмашпайт. Бардыгы өзүнүн кезеги менен жаңы номер алынып жатканда гана алмашат. Мамлекеттик бюджеттен эч кандай каражат кетпейт. Биздин 32 өлкөдө элчиликтерибиз бар, ошол элчиликтердеги жана республикадагы мамлекеттик мекемелердеги туулар өзгөрөт. Анын баарын эсептегенде 150нүн тегерегиндеги туу өзгөрөт экен. Чыгымдын баарын төлөп беребиз деген демөөрчүлөр дагы бар»,- деди төрага.