Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болуп Нурланбек Шакиев шайланды. Бул тууралуу жыйында маалым болду.
Маалым болгондой, Нурланбек Шакиев ЖКнын төрагалыгына жалгыз талапкер болуп, 80 депутат макул, 6 депутат каршы добуш менен колдоо тапты.
Эске салсак, Талант Мамытов Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында өз калоосу менен төрагалык кызматтан кеткенин маалымдаган.