"Эркин-Тоо"

Нурсултан Назарбаев «Ардактуу сенатор» наамынан ажыратылды

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев ардактуу сенатор наамынан ажыратылды. Бул тууралуу журналисттерге Сенаттын спикери Маулен Ашымбаев билдирген.

«Болжол менен эки-үч жума мурун биз регламентти кайра карап чыгып, Сенаттын регламентине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилип, регламенттен ардактуу сенатор деген наамды алып салганбыз. Азыр бизде андай институт жок. Элибиз добуш берди. Июнь айында өткөн референдумда Конституциядан туңгуч президент – Элбасы тууралуу нормалар алынып салынган. Бул элдин чечими», — деген Ашымбаев.

Ашымбаев буга чейин ардактуу сенатор наамы бир гана адамга ыйгарылганын баса белгилеген.

«Ардактуу сенатор» деген наам эми мыйзамда жок. Буга чейин ал бир гана адамга берилген. Азыр мындай наам эч кимге берилбейт. Анткени азыр бизде буга эч кандай мыйзамдуу негиздер жок”, — деп кошумчалаган ал.

Эске салсак, Нурсултан Назарбаевге 2019-жылдын 30-майында ардактуу сенатор макамы берилген. Андан бир нече күн өткөндөн кийин ага тиешелүү күбөлүк жана төш белгилер ыйгарылган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!