Нуртазин Джетыбаев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, тиешелүү жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык, Джетыбаев Нуртазин Алымкулович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.