"Эркин-Тоо"
Гезиттер Жаңылыктар

Нуржан Сартбекова: «Институт улуу миссиясын татыктуу аткарууда»

Быйыл Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдыгы белгиленип жатат. Учурда өлкөнүн эң абройлуу университеттеринин бири болгон окуу жай. Ал Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин 1944-жылдын 15-декабрындагы №825 токтомунун жана Кыргыз ССР Эл агартуу комиссариатынын 1945-жылдын 19-январындагы №11 буйругунун негизинде Фрунзе шаарында Кыз-келиндер педагогикалык училищеси болуп ачылган. 1950-жылдын 25-октябрынан тартып 5 жылдык окутуу мөөнөтү менен Кыргыз кыз-келиндер мугалимдер институту болуп өзгөртүлгөн. 80 жыл аралыгында окуу жай Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институту, В.В.Маяковский атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институту, эгемендүүлүк жылдарынан кийин Ишеналы Арабаевдин ысымы ыйгарылып, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институту, андан соң университет макамын алды. Азыр окуу жай Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети деген макамды алып жүрөт.

 Университетте жалпысынан 11 институт, 4 факультет, 1 колледж студенттерге терең билим берип келет. Алардын арасынан өзгөчө бөлүп карай турган Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту бар.

Бул институтта учурда:

— англис тилинин теориясы, технологиясы жана практикасы кафедрасы;
— фундаменталдык жана прикладдык лингвистика кафедрасы;
— немис тили кафедрасы;
— курамдар аралык чет тилдеринин практикалык курсу кафедрасы;
— кыргыз-кытай факультети;
— корей тили бөлүмү;
— чет тилдери боюнча кесиптик орто билим берүү колледжи максаттуу иштеп келет.

Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту бул окуу жайдын тарыхында негизги ролдордун бирин ээлейт. Анткени ал 1952-жылы В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институту болуп аталып турган убакта негизделген. Ошол жылы биринчи жолу чет тилдер кафедрасы ачылып, кафедра жетекчиси болуп Т. В. Прищепчик дайындалган. Ошентип институтта чет тилдеринде билим берүү кербени өз сапарын баштаган. Ал убакта кыз-келиндердин арасында чет тили мугалимдерин даярдоо замандын талабы эле. Бул мекеме ошол учурдан азыркы күнгө чейин кафедрадан бир чоң факультетке чоңоюп, бир нече жылдан кийин институт даражасына ээ болуп, билим берүү улуу миссиясын татыктуу аткарып келе жатат. 1955-жылы немис тили экинчи чет тили катары адистигине абитуриенттерди кабыл алуу жүргүзүлүп, 1960-жылы биринчи жолу чет тили адистиги боюнча бүтүрүүчүлөр дипломдорун алышкан. 1968-жылы чет тилдер кафедрасы англис жана немис тили кафедраларына бөлүнгөн. 1972-жылдан тартып чет тилдер факультети негизделет да, анда немис тили мугалимдерин, ал эми 1980-жылдан тартып англис жана немис тили мугалимдерин даярдоо башталат. 1998-жылы
И. Арабаев атындагы КМПУнун чет тилдер факультетинин базасында дүйнөлүк тилдер билим берүү борбору түзүлгөн. 1999-жылы аталган билим берүү борбору Дүйнөлүк тилдер институту болуп өзгөртүлгөн да, аны ф. и. к., доцент С. А. Мусаева жетектеген.

Көп жылдар бою аталган институтта төмөнкү тажрыйбалуу профессордук-окутуучулар курамы эмгектенген: Г. Х. Овсепян, А. И. Ефименко, И. Н. Бажина, Ш. К. Кадырова, И. Д. Джакубов, В. П. Тутлис, С. И. Абдрахманова, В. М. Клопотович, Т. С. Сатаров, Т. Я. Замятина-Филиппова, Н. Г. Позднякова, С. К. Копельбаева, Ф. И. Юсупов, Б. О. Гешеле, М. И. Романенко, В. К. Мулкубатова, П. К. Кадырбекова, А. А. Бекбалаев, К. Б. Бектенова, Л. В. Грязнова, А. К. Карабекова, Б. И. Тартакова, С. Ш. Гараев, К. О. Осмонакунова, З. Э. Эсенкулова, С. Ж. Токсонова, Д. Д. Шаршенбекова, Н. Д. Турдукеева, Е. В. Бекерман, Н. Х. Ирсалиева, Г. К. Толбаева, А. Д. Джолдошбеков, С. А. Осмонова, Ж. М. Молдобаев, Ч. Т. Тулеева, С. А. Чекиров, Э. С. Кадыркулова, Л. Т. Абдулдабекова, А. Б. Асылова ж.б.

Дүйнөлүк тилдер институту 2006-жылы Лингвистика институту болуп өзгөртүлгөн жана 2019-жылы аталган институтка Манас таануу институту кошулган. Манас таануу жана лингвистика институтун 2006–2021-жылдары ф. и. д., профессор С. Ж. Мусаев жетектеген. Ал эми 2021-жылдан тартып
п. и. д., профессор Н. К. Сартбекова жетектеп келе жатат. 2022-жылы Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институту деп аталган. 2023-жылы Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту деп өзгөртүлүп, ага корей тили бөлүмү, чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер кафедрасы кошулган. Институттун бүтүрүүчүлөрү дүйнөлүк аренада да ийгиликке жетишүүдө. Алсак А. А. Доромбаева АКШнын Колумбия университетинде, А. Айтбаева АКШнын Индиана университетинде PhD докторантурада билим алууда, А. Абдукаримова АКШнын мамлекеттик департаментинде, Г. Анапияева БУУда, Н. Шаршеналиева АКШнын Тынчтык корпусунда, Н. Туйтеева, А. Акматалиева АКШ элчилигинде ж. б. эмгектенүүдө.

Институтта 180 жогорку квалификациялуу окутуучулар: алардын ичинен 3 илимдин доктору жана 22 илимдин кандидаты, 50 ага окутуучу жана окутуучулар иштешет.

Азыркы күндө И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор А. Т. Абдраева менен Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору, п.и.д., профессор
Н. К. Сартбекованын жетекчилиги менен институтта көптөгөн алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатат. Алсак: окутуучулар үчүн акысыз квалификацияны жогорулатуу курстары уюштурулууда. Венгрия, Түркия, Иран, Корея, Кытай, Улуу Британия, АКШ, Германия, Австрия, Индия, Малайзия ж.б. чет өлкөлөр менен тыгыз кызматташып, студенттер ар түрдүү программалардын алкагында аталган өлкөлөрдө билим алып, иштеп келишүүдө. Билим берүүнүн сапатына үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүлүп, окутуу шарттары жакшыртылууда. Институттун материалдык базасын бекемдөөгө багытталган бир катар маанилүү инвестициялык долбоорлор ишке ашырылды. Бул аракеттер өз кезегинде дүйнөлүк стандарттарга, студенттердин муктаждыктарына ылайык заманбап окуу программаларын түзүү жана жүзөгө ашыруу процессине маанилүү салым кошууда. Ошондой эле, окутуунун сапатын жогорулатуу максатында педагогдор үчүн үзгүлтүксүз билим берүү системасы түзүлүп, алардын арасында тажрыйба алмашууга мыкты шарт түзүп жатат. Белгилей кетүүчү жагдай, И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор А. Т. Абдраева менен Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору, п.и.д., профессор Н. К. Сартбекова ушул институт чет тилдер факультети катары билим берип турган учурда бүтүрүүчү болушкан.

1952-жылдан бери чет тили мугалимдерин даярдоо менен бирге «билим болбой, илим болбойт» демекчи көптөгөн илимпоздорго чет тилдеринде илим изилдөөгө, илимий эмгектерин жазууга мүмкүндүк алышууда. Белгилүү болгондой чет тилдерин билүү азыркы замандын талабы, себеби: «Чет тил – бул жашоо үчүн болгон күрөштө бизге курал» (К. Маркс). Чет тилдерин билүү ааламдашуу доорунда жашап кетүү үчүн эле эмес, өз эне тилин тереңдеп изилдөө үчүн да зарыл курал болуп калды. «Кимде-ким чет тил билбесе, ал өз эне тилин да жакшы билбейт» (И. Гёте). «Көп тил билүү – бир кулпу үчүн бир нече ачкычка ээ болуу» деп айтылгандай бир нече тилде билим берүүнү, котормочуларды, дипломаттарды, чет тилдерин үйрөткөн мугалимдерди даярдаган институттун аткараар иши да, көздөгөн максаты да бийик экендиги айкын. Ошол улуу кербенди улап, сапарын байсалдуу улантып келе жаткан институт дагы да коомчулуктун алдында өз миссиясын жогорку деңгээлде аткара берет деген ишеничтебиз.

Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Н. К. Сартбекова, Улук окутуучу С. С. Кадырова