Нышанбек КОЧКОРОВ: «НУРГОЖО АЖЫ БАБАСЫ БИРНАЗАР БИЙДИН СӨӨГҮ ЖАТКАН ЖЕРДИ ИЗДЕП ТАПКАН»

Нышанбек Кочкоров, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер:

«Нургожо ажы Жалал-Абад курортуна барганда, “Менин жетинчи атамдын, Бирназар бийдин сөөгү ушул жерге көмүлгөн” -деп издеп тапкан»

— Бирназар бийдин 300 жылдыгыөткөрүлгөндөн кийин, “Бирназар Садырдын жетинчи атасы болсо эле шаан-шөкөт менен өткөрө бериши керекпи” деген ой эл арасында жаралышы ыктымал. Бүгүнкү күндө кандай зарылчылыгы бар эле деген суроо элде туулушу мүмкүн. Ошондуктан, айрым бир урунттуу жерлерине токтоло кетейин. Бирназар бийдин 300 жылдыгын өткөрүү бүгүнкү күндүн эң актуалдуу темасыдеп ойлойм. Себеби, бүгүн биздин өлкөдө эң башкы көйгөйдүн бири чегара. Бирназар бий өзүнүн бекем принциптери, так көз караштары менен айырмаланган, өзгөчөлөнгөн тарыхый инсан болгон. Мен өзүм Бирназар бийдин тарых-таржымалынан улам билем, бул белгилүү инсан Цинь империясы менен сүйлөшүп, мындан 200 жыл мурун биздин чегараны чечкен. Мындайча айтканда, Көл кылаасындагы кыргыздардын Бугу жана Сарыбагыш урууларынын Кытай менен чектешкен жерлеринин чек араларын түзүүдө өтө маанилүү ролдорду ойногон. Бул биринчиси. Экинчиси, биз казактар менен канатташ жайгашып, кылымдар бою эриш-аркак жашап келебиз. Дал ушул Бирназар бий кадимки казактын Аблай ханы менен Кыргызстандын чектерин аныктаган. Бул боюнча тарыхый документтер, маалыматтар бар. Айтор, биздин чегараны аныктап, азыркы мамлекеттүүлүктүн пайдубалын түптөөдө Бирназар бий Опол-Тоодой иштерди жасаган. Бул тарыхый чындык. Ал Россиянын окумуштууларынын илимий эмгектеринде кашкайып жазылып турат. Бирок, негедир Совет доорунда, коммунисттик идеологиянын таасири менен бул кишиге такыр көңүл бурулбай, анын жасаган эрдиктери айтылбай калган.

Нуркожо Мусталый уулу

Мен бир нерсени айта кетейин, Бирназар бий өтө таасирдүү киши болгон. Кадимки Тилекмат олуя деген атагы таш жарган белгилүү, тарыхый инсан Бирназар бийдин небереси болот. Тилекматтын Жылкайдар деген атасы Бирназардын бакма баласы болгон экен. Бирназардын неберелери Көлдүн сыймыктары болушкан. Бийдин балдарынын бири Алыбай деген чыккан. Алыбай өз доорунда ченемсиз бай, укмуштуудай Көл калаасына таасирдүү киши болгон. Санжыраларда, Алыбай баласы Солтонкулга 32 миң жылкы калтырганы айтылат. Андан жогору чыксак Жамангул деген Бирназардын атасы болгон, ал киши өз доорунда хан аталган. Мен буларды 2007-жылы Садыр Жапаровдун атасы Нургожо аксакал экөөбүз Жалал-Абадга баргандан баштап жакындан билип калдым. Нургожо ажы бүгүнкү алфавитти тааныбайт эле, бирок кытай, араб тамгалары менен жазалган киши болчу. Биз билимсиз дешибиз мүмкүн, бирок ал кишиден өткөн билимдүү, ал кишиден өткөн тарыхчы, санжырачы киши жок эле. 2007-жылы Нургожо аксакал менен Жалал-Абад курортуна барган кезим эсимде. Бир күнү түштө келсем, Нургожо ажы жок, түшкү тамактанууга келбеди. Кечке жуук келери менен алдынан тосуп чыгып, “Эмне кылып жүрдүңүз?” десем, Жалал-Абад курортунун жака-белинде жашаган 10 чакты аксакалды топтоп алып, “Менин жетинчи атамдын, Бирназар бийдин сөөгү ушул жерге көмүлгөн” — ​деп издептир. Мен Бирназар бий жөнүндө алгачкы ирет уктум. Акыры ошол жерди изилдеп, иликтеп, отуруп, издегенин тапты. Курорттун жанында үч атасы мазар кайтарган өзбек киши бар экен. Ошол өзбек киши атасынан укканына караганда, Жалал-Абад курортундагы Айып-Мазар деген көрүстөндүн четине мурдараак заманда көлдүктөр менен нарындыктар баатырларын алып келип көмчү экен.

Бийдин көмүлүш тарыхы дагы өзгөчө кызык, аны да айта кетпесем болбос. Бирназар бий өлөрүндө, “Менин көзүм өтүп кетсе, сөөгүмдү Арстанбапка көмгүлө” — ​деп керээз калтырат. Анан көзү өткөндөн кийин балдары ары-бери тартышып, “Арсланбаптын эмне кереги бар, Көлгө эле көмөбүз…” деген чечимге келишет. Бирок, Бирназар бийдин Жылкайдар деген баласы (бакма баласынын аты Айдар болгон экен. Бирназар бийдин жер жайнаган жылкыларын ушул бакма баласы кайтарат экен. Ал жерде дагы башка Айдар дегендер болсо керек, анан Жылкайдар деп аталып калыптыр) башка балдарынын ушул эле жерге көмөбүз деген кейпин көрөт да, түн кирери менен Бирназар бийдин сөөгүн кийизге ороп, бекемдеп таңып төөгө артып, атына жетелеп алып өзү жалгыз, атасы керээз кылып калтырган айтылуу Арстанбап жергесин көздөй багыт алып жөнөйт. Санжырада ушундай айтылат. Эрте менен эл ойгонсо эле Бирназар бийдин сөөгү жок. Жылкайдар кыларын кылган экен да дешип, балдары аттарын минип алып артынан кууп жөнөшөт. Жумгалга жетип калганда артынан жетишет. Анан ары-бери кетип, мынча болуп калды, эми өзү айткан жерге көмөлү деп жөнөшөт. Кеч күз болуп калган маал экен. Жумгалдан өтүп Көгарт ашуусуна жеткенде борошолоп кар жаай баштайт. Көп өтпөй сөөк артылган төө баспай жатып калат. Бирназардын балдары аттарын минип алып ылдый түшүп кетишет. Жылкайдар гана сөөктүн жанында жалгыз калат. Эки күндөй каар жаап, күн ачылганда атабыздын сөөгү талаада калбасын деп балдары чыгып келишет. 1 метрдей кар жааган экен, кардан төөнүн башы эле көрүнүп туруптур деп айтышат. Балдары келип карды ачып караса Жылкайдар өлбөптүр. Өлмөк турсун кардын алдында боргулданып катуу тердеп алыптыр. Ошондо бир саяк чал кошо барган экен, “Ээ, бул жагы болбой калды, болбой калды” дептир. Берки балдары “…эмнени айтып жатасыз?” десе, “Бирназардын касиети бакма балага өтүп кетти” — ​деген экен. Анан ошол жерде кыжы-кужу уруш болуп, кайра төөнү тургузуп алып, сөөктү артып алып жөнөшөт. Көгарттан түшүп бир аз жүргөндө эле азыркы Жалал-Абад курорту жайгашкан жерге келишет. Менин баамымда ошол жерге келип эс алышса керек. Анан сураштырса, бул жер Айып-Булак ыйык мазары дешсе керек, анда ушул жерге көмөбүз дешкен өңдөнөт. Алар Арстанбапка жетиш үчүн дагы 5 саат жол жүрүш керек эле. Менин түшүнүгүм боюнча Жылкайдар көнбөгөн болсо керек, анан болбой эле тигил балдары ошол жерге көмүп коюп кайтып кетишкен. Ошентип, Бирназардын сөөгү Арстанбапка жетпей калган. Мына андан бери санап көрсөк 200 жыл өтүптүр. Бирназар 1736-жылы туулган, 91 жашка чыгып каза болгон. Сөөгү ошол мазарга коюлган.

Ушул убакка чейин Бирназар бийди эч ким эстечү да, тарыхчылар жазчу да эмес. Жалгыз Нуркожо ажы гана бабасынын сөөгү жаткан жерди издеп таап, ошол күндөн баштап арбагына багыштап куран окуп жүрдү да. Ошол жылы тапкандан кийин Нуркожо ажы өзү толук ишенди, ошол жерде экенине. Анан эле “эрте ңкой соём” — ​деп калды. Ошол кезде курорттун директору Рахман деген жигитэле, ал Садыр менен жакын мамиледе болуп жүргөн. Ал “Болду аяш ата, эртең кой алып келип берем” — ​дегенде, “Сенин коюңдун кереги жок” — ​деп, эртеси өзү барып мал базардан кой сатып келгени менин эсимде. Себеби, “сообу түшпөй калат” деген. Ошентип Нуркожо ажы 7–8 жыл барып Бирназар бийге куран окуп жүрдү. Ошондо мен Нургожо аксакал менен 3–4 жолу чогуу болдум да. Себеби, мени менен абдан жакшы эле. Куран окутуп бүткөн соң Бирназар бийдин тарыхын, анын ордун, мага өтө көп айтып берген күндөрү азыр да көз алдымда турат. 2008-жылы Нуркожо деген китеп чыгардым, китепке ушуларды бүт жазганбыз. 2010-жылы Абышка ээлигип, дагы жазып келген экен, аны “Кыргыздын сыры санжыра” — ​деп жазганбыз. Мен бул кишинин 2 китебин чыгардым.

Совет өкмөтү, коммунисттик идеология 70–80 жыл кыргыздын улуттук баатырларын баарын өчүрүп, тарыхын жок кылганга аракеттенди. Садыр Жапаров ошолорду кайра кайтарышыбыз керек деген максат менен баратат. Эң чоң идеологиянын тамыры, анын терең мазмуну мына ушунда жатат. Болбосо өзүң ойлончу Зулпукаар, түндүктө-түштүктө, жети дубандын ичинде канчалаган, ушул сыяктуу тарыхый адамдар болгон. Биз болгону эле Курманжан датканы гана сөз кылабыз, бүттү. Коммунисттик идеология гендердик саясатынын таасирин ошондон көргөн. Бизде андан башка дагы кыйын адамдарыбыз бар да. Манастын 40 жигити 40 уруудан чыккан да. Манастын 40 жигити тең кыйын баатырлар болгон да. Биз бүгүн Манастын 40 жигитинин атын атап, бир жерлерде той тамаша өткөрсөк жарашабы? Жарашат. Биздин баатырлар ошолор болгон да. Манас атабызды деле жакшы даңктай албайбыз. Манастын 40 чоросу 40 уруунун өкүлү да. Садыр Жапаров сарыбагыш уруусунун, Бугу элинин лидеринин тоюна катышты. Мен ойлойм, бул жакшы.

Канчалаган депутат, саясатчылар бар. Булар 5 жылда бир эле жолу уруучулукту ойлошот. Мына азыр кайсы депутатка барба, “кайсы уруудансың” деп куда-сөөгүн бүт сурашат. Ошол келесоолор ай сайын, жыл сайын ушуларды сурап, кыргыз элинин түпкү баалуулуктарын көтөрүп, уруулук касиеттин арттырып, гендердик саясаттарын таанууга, генетикасын билүүгө үйрөтсө эмнеси жаман.

Адигине хан өлгөндө анын иниси Тагай сөөгүн касиеттүү Арстанбапка көмүп, “Биз бул жерди кыргыздардын Меккесин Арстанбап кылабыз!” — ​деген экен. 100 жылга жетпеген убакытка чейин бул демилге уланып, Нарындан, Көлдөн, Чүйдөн, Таластан жана Баткен жергесиндеги атактуу балдарынын бүт баарын Арстанбапка көмгөн. Ошонун эң акыркысы болуп Бирназар бийдин сөөгү барып, ал да жарым жолдо жетпей калган. Арстанбапты Мекке кылабыз деген демилгенин начарлашынан улам, балдары Бирназар бийди Жалал-Абадга көмүп кетип калган. Эми Бирназардан улам бир көйгөй эске түшөт. Мен быйылкы жылы 2 ирет Арстанбапка бардым. Адигине хандын сөөгү көмүлгөндөн кийин канчалар коюлган. Болот бий дегендин сөөгүн Нарындан алып барып көмүшкөн ж. б. Бүт кыргыздын мыктыларынын сөөктөрү касиеттүү, ыйык мазарга айланган Арстанбапка жашырган. Кана ошол мазарыбыз? Ошол мазарды Адигиненин балдары же башка кыйындын балдары издейби, эстейби? Биздин эң баалуулугубуз ошол жерде жатат да. Мен быйыл барсам, Арстанбапты эки жактан келген элдер мазардын үстүн базар кылып алыптыр. Ким ойлойт ал жерди менби же мамлекетпи? Мен ошол жерге Адигиненин урпактарынан үчөөнү эрчитип бардым, ыйлашты. Эгер биз Бирназарды көтөрсөк, Бирназар менен Арстанбаптын көйгөйү көтөрүлөт.

Мындан бир ай мурда өзбек президенти Мурзиёев буйрук чыгарды. 20–30-жылдарда Өзбекстанда басмачы аталгандар мындан ары өзбек мамлекетинин баатырлары деп табылсын деди. Көрдүңөрбү кандай мыкты буйрук. А биздечи, басмачылардын баркын дагы деле билбейбиз. Ошон үчүн Садыр Жапаровдун ушул демилгесинен улам кыргыз улутунун, кыргыз элинин коммунисттик идеологиянын таасиринде бекитилип калган баалуулуктарыбыз кайра сыртка чыгат деп ишенем. Менин ишенгеним ушунда жатат. Бул жаманбы? Биз качан гана өз сыймыгыбызды, өз баалуулугубузду билгенден кийин биз маралдык нравалык жактан тазаланабыз. Башка тазаланыш кыйын. Экономиканы айта беребиз. Экономикада жаманбызбы? Айтчы, акыркы жолу ачка калаган күндөрүң барбы? Биз кичинекейибизде кийимибиз жыртык, ачка калып чоңойдукда. Бүгүн андай эмес да. Кичинекей 5 жашар баланын колунда дагы айфон турат. Каалагандарын кылышат. Адамдык баалуулуктарыбыз такыр эле болуп калды. Бири-бирибизди сыйлоо, ата тегибизди эстеген баалуулуктар такыр калбай калды. Президент Садыр Жапаров ошол баалуулуктарга кайталы, ал үчүн ата текти улантып, “Өлгөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт” — ​деген принципке өттү. Мындай тарбияны Садыр Жапаров атасынан алган. Садыр мен билгенден 10 жыл мурда Түптө Боронбай бийдин эстелигин койгон. Идеясын экөөбүз сүйлөшкөнбүз. Бороонбайдын эстелигин тургузууда Садыр чөнтөгүнөн сакасын санап туруп, акчасын өз чөнтөгүнөн берген. Ал турсун Түптүн борборуна койгондо, ошол жерге бир туугандары менен жүгүрүп жүрүп жасашканы эсимде. Андан бери 10 жыл өттү. Баса, Иса Коноевич Ахунбаевдин эстелиги оорукананын жертөлөсүндө 30 жыл жатыптыр. Койгонго киши жок. Ушул Садыр мындан 7–8 жыл мурда ошону да койгон бир далай акчасын кетирип. Мына эми Бирназар бийдин маарекесин өткөрүп атат. Мен ойлойм бизде алды да мына ушундай ата тегибизди, наркыбызды көтөргөн кыйын улуттук баатырларыбыз эми ойгонуп, алардын тарыхтарын калыбына келтирчү мезгил келди. Болбосо бизде кыргыз эмес же башка эмес эле болуп калдык да. Мындан эч бөйрөктөн шыйрак чыгарыштын кажети жок. Мен ушинтип ойлоймун.

Садыр Жапаров буга чейин эле бир топ руханий баалуулуктарды колдогон практикалык иштерди жасап келгенин анын жанында жүрүп байкадым. Анан эми Садырда эмес, Садырдын атасы Нуркожодо дагы ушундай көз караш, ой-пикир өтө көп болгон. Солтоңкул деген атасыКөл кылаасында эң бай адам катары санжырада дагытарыхта да орду калган. Солтоңкулдун атасыАлыбай эми ушул Бирназардын баласы Алыбай, Садыр Жапаровдун 6-атасы. 2007-жылы жай айларында Нургожо ажы 3 машина даярдап, Алма-Атага жөнөп калдык. Чоң баласы Сабыр, кичүү бала Садыр, бир тууган иниси, дагы 2 абышка анан мен болуп барганбыз. Ошондо биз Каркырадан өтүп, Алматынын үстүнө барып, жогору жайлоого чыктык. Асы жайлоосу экен. Ошол Асы жайлоосу мындан 350–400 жыл мурда кыргыздын жери болуптур. Анын далили, Бирназар бийдин баласы Алыбайдын сөөгү Асыда жерге берилген. Бирназардын атасы Жамангул хандын сөөгү да Асы жайлоосунда турат. Көрсө, кыргыздар байыртадан эле ошол жерди ээлеп жашаптырбыз. Биз Асы жайлоосун алдырмак түгүл, Көл жээгине чейин келип калдык. Бизди Нургожо ажы ээрчитип барып, бабалары жашаган жерди көрсөтүп ыйлады. Ата тегибиз ушул эле деп. Бир күн ошол жерде мал союп, өзүнүн бабаларынын арбактарына багыштап куран окутуп келгенбиз. Нургожо ажы мени жанына алып 2 жолу Кытайга барды. Кытайга барып биздин чегарадан нары 100 чакырымдай аралалыкта Көк-Терек деген айыл бардык. Ошондо мага ажы, “Кыргызстан илгери ушул жерден башталчу эле” — ​деп айткан. Ойлосоңор, азыркы чегарадан дагы жүз чакырым алыста. Муну да алдырдык. Эми ойлоп көргүлөчү, ушундай атадан тарбия көргөн, ушундай нарк-насил деп чоңойгон бала жердин баасын, чек аранын баасын билбейт деп айтууга болобу?

Зулпукаар Сапанов