"Эркин-Тоо"

Нью-Йорк же Чикагого түз аба каттамын ачуу маселеси каралууда

«Манас» эл аралык аэропорту Америка Кошмо Штаттарына түз аба каттамын ачуу маселесин кароодо. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматта КР министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов, «МЭА» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жана башкармалыктын коммерциялык директору Аман Мамаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушканы айтылган. Жолугушууда өз ара пайдалуу кызматташуу, тактап айтканда Бишкектен Нью-Йоркко же Чикагого түз каттамдарды ачуу, ошондой эле жүк ташууларды уюштуруу жана эл аралык жеткирүү тейлөө кызматтарын ачуу маселелери талкууланган. АКШнын элчиси Лесли Вигери КР жарандык авиациясынын ИКАОнун эл аралык аудитинен өтүүсү тууралуу оң пикирин билдирген.

Пример HTML-страницы