"Эркин-Тоо"

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Финляндиянын президенттери жолукту

Президент Садыр Жапаров 18-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын  иш-чараларына катышуунун алкагында Финляндиянын президенти Саули Ниинистё менен жолугушту.

Садыр Жапаров кызматташуунун бардык артыкчылыктуу багыттарында кыргыз-фин мамилелерин өнүктүрүүгө басым жасап,  Финляндияга «жашыл» энергетика тармагында кызматташууну жолго салууну  сунуштады.

Финляндиянын президенти Саули Ниинистё өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө даярдыгын билдирип,  эки өлкө ортосундагы экономикалык жана ишкер мамилелерди өнүктүрүү максатында Кыргызстан менен кызматташууну күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өлкө лидерлери аймактык жана эл аралык коопсуздук маселелери боюнча  пикир алмашты. Тараптар эки өлкөнүн географиялык алыстыгына карабастан, Кыргызстан менен Финляндиянын мындан аркы кызматташуусу үчүн байланыштарды активдештирүүгө даярдыгын белгилешти.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!