"Эркин-Тоо"

Нью-Йоркто Кыргызстан жана Грециянын ТИМ башчылары жолугушту

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 20-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Грециянын тышкы иштер министри Георгис Герапетритис эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

ТИМден билдиришкендей, тараптар өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришип, мамилелерди чыңдоонун  багыттарын талкуулашты. Көп тараптуу кызматташуу жагынан тараптар конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жээнбек Кулубаев Кыргызстан менен Грециянын ортосундагы  соода жүгүртүүнү көбөйтүү, туризм тармагындагы кызматташтыкты активдештирүү жана эки өлкө үчүн кызыкчылык жараткан долбоорлорду ишке ашыруу зарылчылыгына токтолду.

Георгис Герапетритис макулдугун билдирип, климаттын өзгөрүшү жана жарандык коргонуу жаатында кызматташууну түзүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында министрлер КР Министрлер Кабинети менен Грек өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюшту.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!