Айыл чарба министрлиги билдиргендей, ар бир райондо болжол менен 1 чакырымдай негизги жол тилкесине көчөт отургузуу пландалууда.
Маалыматка караганда, облустарда тиешелүү жерлер аныкталып, 2026-жылы ишти баштоо көздөлүүдө. Кайсы мөмө дарактары туура келерин аныктоо үчүн «2024–2028-жылдарга карата мөмө-жемиш, жүзүм жана жангактуулардын сортторун райондоштуруу» тизмеси колдонулат.
Министрликтин айтымында жол жээгине туура тигилген мөмөлүү бактар айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртып, мөмө-жемиш өндүрүүнү көбөйтүп, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого салым кошот.

