Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) ИИМ жетекчисинин буйругунун негизинде аймактык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилерин ротациялады. Ысык-Көл облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн (ЖКККБ) жетекчиси Бактыбек Жангабылов Нарын облусуна которулду. Баш калаанын патрулдук милициянын жетекчиси эми Талас облустук ЖКККБны жетектейт. Таластагы бөлүмдү башкарган Максат Барпиев Ысык-Көлгө которулса, патрулдук милиция башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Узакбек Шергазиев Ош облустук ЖКККБнын жетекчилигине секирик жасады. Ал эми ордолуу Оштогу ордун бошотуп берген Авазбек Досов Бишкек шаарынын патрулдук милиция башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аркалоого бел байлады. Нарын облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Жакыпбек Жумаев кызматынан төмөндөтүү менен иштен бошотулуп, учурда ЖКККББнын кадр резервинде турат. Жаңы жетекчилер кызматтык милдеттерин 13-февралдан тарта аткара башташты. Эми ушулардын орун которуштуруусу менен оңолуп кетсек жыргадык го?