Кыргызгидромет агенттиги октябрь айына карата аба ырайынын божомолун таратып, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында абанын температурасы климаттык норманын чегинде болорун билдирди. Ошондой эле Кыргызстандын тоолуу аймактарында абанын температурасы түнкүсүн -2 градуска чейин төмөндөөсү болжолдонууда.
ЧҮЙ ОБЛУСУ
Кыргызгидромет борборунун болжолдуу билдирүүсүнө караганда абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 9 – 11, тоо этектеринде 4 – 6 градус жылыйт. Ай ичинде түнкүсүн 1 – 6 градустан, 7 – 12 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир түндөрү 0, — 2 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз 11 – 16 градустан 21 – 26га чейин өзгөрөт, кээ бир күндөрү 5 – 10 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 1 – 6 градустун тегерегинде болот. Кээ бир түндөрү — 2, — 4 градуска түшүп, үшүк жүрөт. Күндүз 8 – 13төн, 16 – 21 градуска чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү 3 – 8 градуска чейин төмөндөйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (норма: өрөөндөрдө 39-45 мм, тоо этектеринде 25-43 мм).
ТАЛАС ОБЛУСУ
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп 7 – 9 градус жылуу болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2 – 7 градустун тегерегинде болот. Кээ бир түндөрү — 2, — 4 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрөт. Күндүз абанын температурасы 7 – 12ден, 20 – 25ке чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү 3 – 8 градуска төмөндөшү мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (норма 24- 27 мм).
ОШ ОБЛУСУ
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 11 – 13, тоо этектериндеги райондордо 8 – 10 градус жылуу болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1 – 6дан, 9 – 14кө чейин, күндүз 12 – 17ден, 22 – 27 ге чейин өзгөрүлүп турат.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1 – 6дан, 7 – 12ге чейин өзгөрөт. Кээ бир түндөрү 0, -2 градуска төмөндөп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз 9 – 14төн, 19 – 24кө чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү 3 – 8 градуска чейин төмөндөйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (норма: өрөөндөрдө 33-35 мм, тоо этектериндеги райондордо 29-31 мм).
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 11 – 13, тоо этектериндеги райондордо 8 – 10 градус жылуу болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1 – 6дан, 9 – 14кө чейин, күндүз 12 – 17ден, 22 – 27ге чейин өзгөрөт.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1 – 6 градустан, 7 – 12ге чейин өзгөрүшү күтүлөт. Кээ бир түндөрү 0, — 2 градус суук болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз 9 – 14төн, 19 – 24кө чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү 3 – 8ге чейин төмөндөшү ыктымал.
Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2 – 7ден 8 – 13кө чейин, күндүз 9 – 14төн, 18 – 23кө чейин өзгөрөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (норма: өрөөндөрдө 41-43 мм, тоо этектериндеги райондордо 24-86 мм).
БАТКЕН ОБЛУСУ
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп, 11 – 13, тоо этектериндеги райондордо 8 – 10 градус жылуу болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1 – 6 градустан, 9 – 14 градуска чейин, күндүз 12 – 17ден, 22 – 27ге чейин өзгөрүлүп турат.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1 – 6дан, 7 – 12ге чейин өзгөрүлүп турушү күтүлөт. Кээ бир түндөрү 0, — 2 градус суук болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз 9 – 14төн 19 – 24кө чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү 3 – 8 градуска төмөндөшү ыктымал.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (норма: өрөөндөрүндө 14-16 мм, тоо этектериндеги райондордо 24- 26 мм).
ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп 7 – 9 градус болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2 – 7, кээ бир түндөрү — 1, — 3 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт. Күндүз 7 – 12ден, 15 – 20га чейин өзгөрүлүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (норма: 5-31 мм, чыгышында 38-58 мм).
НАРЫН ОБЛУСУ
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 5 – 7 градус жылыйт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1 – 6 градустун тегерегинде болот. Кээ бир түндөрү — 4, — 6га чейин төмөндөйт. Күндүз 5 – 10дон, 15 – 20га чейин өзгөрүшү ыктымал.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (норма 8-18 мм).