"Эркин-Тоо"
№10 2023-жылдын 10-февралы

Окумуштуулар Түркияда «өтө өзгөчө» жер титирөө болгондугун айтышты

Түркиянын түштүк-чыгышында 6-февралдын таңында магнитудасы 7,4кө жеткен зилзала болгон. Түш ченде силкинүү 7,7 балл күч менен кайра кайталанган. Өзгөчө кырдаалдын кесепетинен бир нече провинциялар, Сириянын чек ара аймактары да жабыркады. Акыркы маалыматтар боюнча эки өлкөдө каза болгондордун саны жалпысынан 16 миңден ашты. “AHABER” маалымат агенттиги куткаруу ишине 100.000 адам тартылганын, кулаган имараттардын саны 6 миң 444 деп эсептелгенин билдирди. Бул сандар тилекке каршы саат сайын өсүп жатат.

Бул зилзала дүйнө элин кайдыгер калтырбады. Ал тургай Түркия, Сирия менен дипломатиялык мамилелери жок айрым өлкөлөр да кырсык катталган аймакка гуманитардык жардам жана куткаруучуларын жөнөтүүдө. Азыр Түркиянын аймагында 45тен ашык өлкөнүн куткаруучулары иштеп жатат. Алар урандылар астынан тирүү адамдарды алып чыгышууда.

Түркиянын Айлана-чөйрө жана шаар куруу министри Мурат Курум өлкөдө 13,5 миллион адам жабыркаганын расмий билдирди. Ал «Урандылардын астында калгандарды издөө жана жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу иштери уланууда» деп белгилеп, мурунку жер титирөөлөрдөн кийин куткаруучулар кулаган имараттардын астынан 100 сааттан кийин да тирүү адамдарды табышканын эске салып, элине кайрат берди. Куткаруучулар 68 сааттан кийин да уранды алдында калган бир жашка толо элек ымыркайларды алып чыгып жатат. ЮНИСЕФ уюму бул жер силкинүүдөн өзгөчө балдар жабыркагандыгын белгиледи. Анткени кырсык эртең менен адамдар уктап жаткан кезде болгон.

Сауд Аравиядагы Король Абдулла Илим жана технология университетинин профессору Пол Мартин Мэй очогу Түркиянын Кахраманмараш аймагында болгон кош жер титирөөнү глобалдык сейсмикалык масштабда «өтө өзгөчө» деп эсептей тургандыгын жана бул адамзат үчүн көңүлгө аларлык окуя болгонун айтты. Ал эпицентри Элбистан аймагында болгон экинчи жер титирөөнүн очогу ошол эле провинциянын Пазарджик аймагында болгон биринчи жер титирөөнүн арткы силкинүүсү болгонун эске салды. “Күчү 7,6 баллга жеткен экинчи катуу жер титирөө биринчиден бир нече сааттан кийин болгон жана бул өз кезегинде глобалдык масштабдагы «өтө адаттан тыш» табигый көрүнүш катары катталган. Мындай көрүнүштөрдү «кош жер титирөө» деп да аташат» деди ал. Профессор кошумча силкинүүлөр куткаруучуларга, медицина кызматкерлерине, күч түзүмдөрүнө жана жарандарга коркунуч жаратып жатканын баса белгиледи.

Жапон сейсмологу Мориваки Йошинори Кахраманмараштагы жер титирөөнүн 1939-жылдагы Эрзинжан жер титирөөсүнөн кийин өлкө тарыхындагы эң күчтүү жер титирөө болгонун эске салды.

Йошинори Түркиядагы жарака линиясынын кыймылда экенин айтып, “Мындай кубулуш үч жыл мурда Силиври аймагында башталган. Бул жылдарда Элазыг, Бингөл, Мугла, Маниса жана Измирде көп жер титирөө болду. Сөз кыймылга келген 6 плита жөнүндө болуп жатат» деди ал. Йошинори болгон окуядан сабак алып, алдын алуу чараларын көрүү зарылчылыгын айтты.

Орусиялык сеймологдор да бул окуяга өздөрүнүн илимий түшүндүрмөсүн берип, жер титирөөлөр Анадолу жаракасынын чыгыш бутагы тарабынан пайда болгон дешти. Анадолу жаракасынын чыгыш бутагы түндүктө Грецияга, чыгышта Гималайга чейин жетет. 20-кылымда Түндүк Анадолу жаракасында бир нече катуу, социалдык жактан маанилүү жер титирөөлөр болгон. Алардын акыркысы 1939-жылы катталган. Бирок, Чыгыш Анадолу жаракасында 100 жылдан ашык убакыттан бери катуу жер титирөө болгон эмес. 6-февралдагы күчтүү жер титирөө болгон Түркия менен Сириянын аймактары жогорку кооптуу зоналар деп эсептелбеген – ал жерде 100 жылдан ашык убакыттан бери күчтүү сейсмикалык активдүүлүк байкалбаган, – дешти орусиялык сейсмологдор.

Боордош түрк элинде жана Сирияда болгон жер титирөөдө Кыргызстан биринчилерден болуп кол сунуп, Түркияга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 67 куткаруучусун жөнөттү. Алар ушул күндөрдө Түркиянын Кахраманмараш аймагында иштеп, 9-февралга чейин 22 адамдын сөөгүн уранды алдынан алып чыгышкан. Зилзаладан жабыркагандар үчүн Кыргызстанда атайын эсеп ачылып, жарандар Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдына гуманитардык жардам чогултушууда.

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА
№10 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 10-февралы