Гавайи университетинин астрономия институтунун аспиранты Чжоуцзян Чжан Жерден 35 жарык жыл алыста жайгашкан экзопланетаны ачты. COCONUTS-2b экзопланетасы адаттан тыш өзгөчөлүктөргө ээ. Биринчиден, ал Юпитер ппланетасынан 6 эсе чоң газ гиганты. Экинчиден, COCONUTS-2b 1,1 млн жыл ичинде гана өзүнүн жылдызын айланып чыгат.
Планета биринчи жолу 2011-жылы ачылган. Изилдөөчүлөр бул ачылыш газ гиганттары кантип пайда болгонун жакшыраак түшүнүүгө жана алардын түрдүүлүгүн изилдөөгө жардам берет деп ишенишет.
Экзопланета — Күн системасынын сыртындагы планета.