Билим берүү жана илим министрлиги Президенттик администрацияга студенттердин окуу графигин өзгөртүүнү карап чыгуу боюнча кат жолдонгонун билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, кат окуу жайлардын кайрылуусунун негизинде жолдонгон.
Эске салсак, майдын этегинде Бишкек мэриясынын демилгеси менен Министрлер Кабинети токтом кабыл алган. Анда мектептерде сабак 8:00дөн эрте, ал эми университеттерде окуу саат 10:00дөн кийин башталышы керектиги белгиленген болчу. Бул чечим жол тыгыны менен күрөшүү максатында кабыл алынган. Коомчулук жана депутаттар чечимге каршы чыгышкан.