Агартуу министрлиги өткөргөн ачык конкурстун жыйынтыгы боюнча Төлөгөн Аматов «Окуу китеби» басма үйүнүн директору болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Төлөгөн Аматов Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин маалыматтык технологиялар факультетин автоматташтыруу жана башкаруу адистиги боюнча бүтүргөн. Андан соң Жусуп Абдрахманов атындагы Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында санариптик мамлекеттик башкаруу адистиги боюнча билим алган.

