"Эркин-Тоо"

Окуучулар үчүн 136 миң 320 нуска китеп басылып чыкты

«Учкун» ачык акционердик коомунун басмаканасында 136 миң 320 нускада окуу китептери басылып чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Тагыраагы, 7-класстар үчүн “Физика”, 8-классар үчүн “Химия”, 7-9-класстары үчүн “Информатика” окуу китептери басылды. Бүгүн окуу китептерин мектептерге жеткирүү башталат.

Белгилей кетсек, 2023-жылы республикалык бюджеттен окуу китептерин даярдоого жана басып чыгарууга китеп ижарасынан түшкөн каражаттарды кошкондо 324 млн сом каралган. Быйыл бул каражатка 1 млн 278 миң 255 нускада окуу китептерин басып чыгаруу пландалууда.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!