Бишкек шаарынын окуучулары үчүн атайын автобустар каттай баштайт. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, бул автобустарда азырынча шаардын №29, 28, 69, 70 жана 13-мектептеринин окуучулары гана жүрө алышарын айтты. Автобустар ушул аптада каттамга чыгат. Атайын долбоорду Жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти менен биргеликте жеке компания ишке ашырууда. Жол кире мектеп жетекчилери, ата-энелер комитети жана окуучуларды ташый турган компания ортосунда сүйлөшүү жүргөн соң такталмакчы. Эгер долбоор ийгиликтүү ишке ашса, шаардын бардык мектептеринин окуучулары атайын автобустарда жүрүп калышат.