"Эркин-Тоо"
Билим Жаңылыктар

Окуучулар Кытайдагы олимпиададан байгелүү кайтышты

2025-жылдын 18-июнунан 12-июлуна чейин Кытайдын Бээжин шаарында өткөн IMSC (International Mathematics Summer Camp) эл аралык жайкы программасына Кыргызстандын математика боюнча курама командасы катышып, мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү.

Программага дүйнөнүн 33 өлкөсүнөн 206 окуучу катышты.

Жыйынтыгында кыргызстандык 6 окуучунун ичинен 1 окуучу күмүш, 2 окуучу коло медаль, 2 окуучу Ардак грамота менен сыйланып, өлкө намысын татыктуу коргошту.

📋 Кыргызстандык окуучулардын жыйынтыктары:

  1. 🥈 Бобрус Ян – күмүш медаль, «Газпром Кыргызстан» мектеби, 9-класс

  2. 🥉 Эшперов Нурсултан – коло медаль, «Газпром Кыргызстан» мектеби, 11-класс

  3. 🥉 Киргизбаев Назар – коло медаль, Бишкек шаары, №61 орто мектеп, 11-класс

  4. 🎖️ Капаров Нурдөөлөт – Ардак грамота, «Газпром Кыргызстан» мектеби, 11-класс

  5. 🎖️ Мусаходжаев Султан – Ардак грамота, Бишкек шаары, №70 орто мектеп, 9-класс

  6. Саят Арлан – катышуучу, «Газпром Кыргызстан» мектеби, 7-класс

Окуучуларды даярдаган машыктыруучулар: Ишматов Мамат, Жолдубай уулу Бекжол, Челноков Григорий

Бул эл аралык олимпиаданы өткөрүүнүн негизги максаты быйыл Австралиянын Саншайн-Кост шаарында өтө турган Математика боюнча эл аралык олимпиадага (IMO) катышуучуларды даярдоо болуп саналат.

Спросить ChatGPT