"Эркин-Тоо"
Билим Жаңылыктар

Окуучулар Париждеги олимпиададан эки коло медаль жеңип алышты

2025-жылдын 17–25-июлунда Франциянын Париж шаарында өткөн эл аралык физика олимпиадасында (IPhO 2025) кыргызстандык окуучулар 2 коло медаль жеңип алышты.

Быйылкы олимпиадага дүйнөнүн 94 өлкөсүнөн 400дөн ашуун мыкты жаш физик катышты. Кыргызстан бул сынакка 5 окуучудан турган команда менен барды.

Жыйынтыгында:

  • Абдиев Аскар (11-класс, А. Молдокулов атындагы улуттук мектеп-лицей) — коло медаль
    Тренерлери: Сабыров Чынтемир, Ажыбаев Улукбек

  • Анаралы уулу Эмир (12-класс, UWIS мектеби) — коло медаль
    Тренерлери: Сабыров Чынтемир, Ажыбаев Улукбек

  • Эмилбеков Айтегин (10-класс, Газпром мектеби) — Ардак грамота
    Тренерлери: Алмурза уулу Алтынбек, Өмүрканов Тургунбек

  • Бектур Баратали (12-класс, UWIS мектеби) — Ардак грамота
    Тренерлери: Сатыбалдыев Дүйшөн, Садиков Артур

Топту Сабыров Чынтемир жана Садиков Артур жетектеп барды.