"Эркин-Тоо"

Окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн каражат эки эсеге көбөйтүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тартып республикадагы жалпы билим берүүчү мектептердин 1-класстан баштап 5- класска чейинки окуучуларынын тамактануу ченеми эки эсеге көбөйтүлдү. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттөн маалымдашты.

Маалыматка ылайык, айрым социалдык мекемелердин тамактануу ченемин этап-этабы менен жогорулатуу максатында 2024-жылга республикалык бюджеттен кошумча 999,4 млн. сом каралган.

Бул каражат жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун жакшыртууга жумшалат.

Мындан тышкары, тамактанууга төмөнкү өлчөмдөр белгиленет:

жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттарда (санаторийлерден тышкары) — 90 сом;

кесиптик-техникалык окуу жайларында (камкорчулукта жана көзөмөлчүлүктө болгон окуучуларды кошкондо) 60 сом;

мектеп жашындагы балдар үчүн санаторий тибиндеги мектеп-интернаттарда — 165 сом;

атайын музыка жана искусство орто окуу жайларынын алдындагы мектеп-интернаттарда — 213 сом;

орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү окуу жайларында окуган жетим балдар үчүн — 100 сом;

жетим балдарга, ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын реабилитациялык топторуна — 160 сом;

Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжине — 489 сом, камкорчулукта болгон студенттер жана окуучуларга (окуу процессинде) — 60 сом;

Олимпиадаларды, кароолорду, окуу жыйындарын, шоуларды, мелдештерди жана башка иш-чараларды өткөрүүдө спортчулар жана катышуучулар үчүн — 120 сомдон 489 сомго чейин.

Буга чейин бир мектеп окуучусунун тамактануусуна 22 сом каралчу.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!