"Эркин-Тоо"

Окуучунун өлүмүнө шектүү 2 айга камалды

Свердлов райондук соту Бишкекте сабалгандан кийин көз жумган окуучунун иши боюнча кармалган шектүү эки айга камалганын билдирди.
Маалыматка караганда, сот тергөөчүнүн 11-апрелге чейин камакта калтыруу өтүнүчүн канааттандырган.
Эске салсак, 21-январда Бишкек шаарындагы №72 мектептин 9-классынын Т.И. аттуу окуучусу өзүнөн төмөнкү класста окуган баладан акча талап кылып, окуу жайдын ажатканасында сабаган деп шектелген.
Бул боюнча «Ден соолукка оор залал келтирүү» жана «Опузалоо» беренелери менен иш козголуп, шектүү кармалган.
Пример HTML-страницы