Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу алгачкы беттешинде жеңишке жетип, чейрек финалга чыкты. Ал 2023-жылдагы дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси, кубалык Орта Родригез дел Рэй Сайдел Иванды 3:2 эсебинде жеңди. Эми ал 4-августка караган түнү чейрек финалда АКШ мушкери Жамал Харви менен кез келет.
Жайкы Олимп оюндарына алгачкы жолу катышып жаткан Мунарбек Сейитбек уулу 28 жашта. Бокс боюнча 2024-жылдагы Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси. Испанияда өткөн Boxam эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү (2024-ж.). Жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медал уткан (2018-ж.). Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.