"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Олимпиада-2028: Лос-Анжелесте өтө турган мелдештердин расмий тартиби белгилүү болду

2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган жайкы Олимпиада оюндарынын расмий мелдештеринин графиги жарыяланды. Толук тартип Олимпиаданын расмий сайтына жайгашты.

Маалыматка ылайык, биринчи квалификациялык беттештер 12-июлда башталат. Бул күнү спортчулар чөп үстүндөгү хоккей, регби-7, баскетбол, суудагы поло, гандбол, крикет жана футбол боюнча таймашат.

Ал эми алгачкы медалдар 15-июлда тапшырылат. Анда триатлон, фехтование, дзюдо, жеңил атлетика, регби-7 жана ок атуу боюнча чемпиондор аныкталат.

30-июль — Олимпиаданын акыркы күнү. Анда бокс, күрөш, марафон, велоспорт, сууда сүзүү, баскетбол жана волейбол боюнча жеңүүчүлөр белгилүү болот.

Ачылыш аземи 15-июлга караган түнү, жабылышы 31-июлга караган түнү өтмөкчү.