"Эркин-Тоо"

Олимпиада: Бүгүн төрт кыргыз балбаны килемге чыгат — ТИЗМЕ

Бүгүн, 2-август күнү Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарында төрт кыргыз балбаны килем үстүнө чыгат.

Күрөштүн грек-рим түрү боюнча 77 килограмм салмакта Акжол Махмудов алгачкы атаандашына каршы килем үстүнө чыгат. Анын атаандашы тунистик Ламжед Маафи болот. Ошондой эле 97 килограмм салмак категориясында Үзүр Жусупбеков армениялык күчтүү делген Артур Алексанян менен кез келет.

Мындан тышкары кыз-келиндер күрөшүндө Мээрим Жуманазарова болгариялык Мими Христово менен кез келет. Беттештер Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 08:00дө башталат.

Кечээ, 1-август күнү жарым финалда америкалык балбанга жеңилген Айпери Медет кызы коло байге үчүн бүгүн, 2-августта килемге чыгат. Коло байге үчүн беттештер Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 17:55те башталат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!