Олжобай Шакир «массалык башаламандыктар» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылды.
Мындай чечимди 14-майда Аламүдүн райондук соту чыгарды.
Олжобай Шакир 2023-жылы 21-августта «РухЭш TV» Ютуб-каналы аркылуу кайрылуу жасап, азыркы бийликти сындаган. 23-августта УКМКга суракка чакырылып, Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык башаламандыктар) менен айыпталып, камакка алынган.
24-августта Биринчи Май райондук соту аны эки айга абакта калтыруу чечимин чыгарган. 13-сентярбда иш Бишкек шаардык сотунда каралып, судья Олжобай Шакирдин камакка алынышын мыйзамдуу деп тапкан.