Дүйнөнү каптаган коронавирустун “омикрон”-штаммы жаш балдар арасында көп кездеше баштады. Дарыгерлердин айтымында, эгерде вирустун аталган түрүн жугузуп алган чоңдор илдеттин жеңил , же орто жеңил формасы менен оорушса, жаш балдар үчүн “омикрон” өтө кооптуу. “Омикрон” менен ооруган кичинекей бейтаптардын көпчүлүгүнүн дем алуу органдары жабыркап, дене табы көтөрүлүп, алсырап жандандыруу бөлүмдөрүнө жаткырылууда.
Расмий маалыматка ылайык, жаш балдар арасында “омикрон” көп кездешкен учурлар Улуу Британияда, Италияда, АКШ жана Түштүк Африка Республикасында катталууда.