"Эркин-Тоо"

Омикрондун кесепетинен ооругандардын саны кескин өстү

Өткөн аптада Москва шаарында коронавирус инфекциясына кабылгандардын саны эки эсеге өсүп, акыркы бир сутканын аралыгында 6,5 миңден ашуун адамдан вирус аныкталган. Ал эми Россиянын аймагында илдет менен ооругандардын жалпы саны үч эсеге көбөйгөн. Бирок буга карабастан каза болгондордун саны кыйла азайган.

Эпидемиологиялык кырдаалдын курчуп кетпешин алдын алуу жана COVID-19 менен күрөшүүгө багытталган жаңы чараларды кабыл алуу үчүн өкмөттүн координациялык кеңеши 18-январда жыйынга чогулат. Анда учактардагы жана поезддердеги жүргүнчүлөрдү, ошондой эле коомдук жайларга киргизүү үчүн милдеттүү эмдөө жана айрым жарандарды медициналык көрсөтмөсүнө ылайык эмдөөдөн бошотуу жөнүндөгү мыйзам долбоору кайрадан каралат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!