АКШнын Калифорния штатындагы Тахо көлүндө чагылган жана катуу шамалдан 10 адамды салып бара жаткан кеме оодарылып, 8 жаран каза болду. Бул тууралуу CNN кабарлады.
Окуя 21-июнь күнү түш ченде катталган. Андагы 10 адамдын экөө аман калып, алтоонун сөөгү ошол эле күнү табылган. Жекшемби күнү (22-июнь) чөүп кеткен 1 жарандын сөөгү табылса, кечээ, 23-июнда, дагы бир адамдын сөөгү табылды.
Учурда жабыркагандардын абалы тууралуу маалымат бериле элек.