Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн-кызматты алуу жөнүндө эскертет.
Бул жерде жарандын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы же Кыргызстандын аймагында соттолгондугу/соттолгон эместиги тууралуу маалымкат алууга арыз берүү үчүн автоматташтырылган кызмат көрсөтүлгөн.
Маалымкатты 7 күндүн ичинде акысыз алууга болот.
Бул үчүн төмөнкүлөр керек:
— Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы же “Tүндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу авторизациядан өтүү зарыл;
— “Маалымкаттар, көчүрмөлөр” бөлүмүнөн “Кыргызстандын аймагында адамдын жазык жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттолгондугу/соттолгон эместиги тууралуу маалымкатты акысыз негизде алууга арыз берүү” кызматын тандаңыз (соттолгон эместиги тууралуу маалымкат);
— Маалымкат алуу жерди жана телефон номерин көрсөтүү;
— “Өтүнмөнү тариздөө” баскычын тандаңыз, тандаган соң маалымкат алууга арыздын электрондук формасы чыгат;
— “Жөнөтүү” баскычын басыңыз.
Бүттү! Сиз онлайн режиминде соттолгон эместиги жөнүндө арыз жөнөттүңүз.
Ыкчам жыйынтыкты тандаган жарандар үчүн 1 жумушчу күндүн ичинде же 3 жумушчу күндүн ичинде маалымкат алуу үчүн акы төлөнүүчү кызмат жеткиликтүү.
Маалымкат алуу үчүн шашылыш арызды тариздөө үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- Маалымкат алган жерди тандаңыз;
- Телефон номерин көрсөтүңүз;
- Аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу суроого жооп тандаңыз;
- Шашылыш түрүн тандоо (1 же 3 жумушчу күн);
- “Өтүнмөнү тариздөө” баскычын басуу.
Кызматтын наркы:
- 1 жумуш күнү — 191 сом;
- 3 жумушчу күн — 86 сом.
Даяр маалымкатты алуунун эки ыкмасы бар:
— Порталдагы же тиркемедеги Жеке кабинетте, көрсөтүлгөн номердеги электрондук почтага жана телеграммаларга элекрондук түрдө;
— Берилген жери боюнча (жаныңызда паспорт жана басылган «маалыматтык документ» (арыз) болушу керек).
Белгилей кетсек, 2023-жылы бул кызмат 31 505 жолу колдонулган.