Ооганс тандагы жарандык согуш деп аталган үлкөн державалардын күч сынашуусунда интернационалдык милдет деп тагылган кооптуу да, жооптуу да милдет алдында Советтик Армиянын жоокерлери он жылга чукул кызмат өтөп, 1989-жылы 15-февралда Ооганстандан чыгарылган. Он жылга созулган Ооган согушу бейпил турмушта күн кечирип келген миллиондогон советтик жарандардын жүрөгүнө өчпөс так калтырган. Андагы СССР деп аталган үлкөн державанын кабыл алган чечими менен башка 14 социалисттик республикалардын катарында Кыргыз ССРинен да миңдеген жоокерлер интернационалдык милдетин өтөө үчүн Ооганстанга чакырылып, анын кесепетинен канча эне-ата азап чегип, кара кийип, кан жутуп, каза болгон жоокерлердин жакындарынын күйүтү, тарткан азабы азыр да басыла элек.
Мектепти жаңыдан бүтүп, 18ге эми толгон жаш өспүрүмдөрдү совет бийлиги аскерге чакырып, Орто Азиядагы Ташкент жана Ашхабад шаарларындагы аскерге даярдоо бөлүгүндө алты ай атайын даярдыктан өткөргөн соң, Ооганстанга алып барып, согушка салган. Алар эмне максатта, ким менен согушуп жүргөнүн да толук түшүнгөн эмес. Жаңы эле өз алдынча коомчулукка аралашуу укугуна ээ болгон 18 жаштагы өспүрүм жигиттер, алардын ата-энелери СССРдин каардуу буйругуна каршы чыга алган эмес. Ооган согушу азыркы учурда олуттуу эскерилбей баратканы коомчулукта айтылып келет. Бүгүнкү аскер курагындагы өспүрүм жаштарда Ооган согушу боюнча дээрлик маалымат жок.
РАСМИЙ МААЛЫМАТКА ТАЯНСАК
Ооган согушу 1979-жылдын 25-декабрында башталып, 1989-жылдын 15-февралына чейин созулган. Анда 2,5 миллион Ооган эли каза тапкан.
Он жылга созулган согушка 620 миң советтик аскер кызматкери катышкан. Алардын 14 миңден ашууну согушта курман болгон.
Кыргыз ССРинен 7 миңден ашуун аскер кызматкери катышып, 248 кыргызстандык Ооган согушунда курман болгон. Бир жарым миң кыргыз жоокери жаракат алып, кырчындай болгон жаш жигиттер майып болушкан.
Каармандыгы, эрдиги үчүн 200 миңден ашык аскер кызматчылары менен жумушчулар СССРдин орден, медалдары менен сыйланышкан.
Советтер Союзунун Баатыры наамы менен 66 аскер кызматкери сыйланган. Алардын катарында эки кыргызстандык – Сергей Гущин, Юрий Исламовдор да болгон.
Согуштук аракеттер учурунда Ооганстанда дайынсыз жоголгон жана туткунга кабылган советтик аскерлердин саны 417ге жеткени айтылат. Алардын 130у советтик аскерлер чыгарылып жаткан мезгилде бошотулганы маалым. Советтик аскерлер чыгып кеткенден кийин туткундарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр Афганистандын жана Пакистандын өкмөтүнүн ортомчулугу менен жүргүзүлгөн.