Ооганстандан чыгарылгандыгына 34 жыл болот. Ооган согушу он жылга созулуп, СССРдин куралдуу күчтөрү он төрт жарым миңден ашуун жоокерлеринен ажыраган. 66 жоокер Советтер Союзунун Баатыры деген наамга ээ болушкан. Кыргызстандан 7330 аскер кызмат өтөп, 259у баатырларча курман болсо, төрт жоокер дайынсыз жок болгон. Орусиянын Москва облусунун Балашиха шаарында жашап жана эмгектенип жаткан, “Ооган элин коргогондугу үчүн” деген медалдын ээси Жолдошбай Жансариев менен ошол от күйгөн учур тууралуу маектештик.
— Мен 1981-жылы окууну ийгиликтүү аяктаган соң, 1982-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылдым. Алгач Түркмөнстандын Кызыл-Арбат деген шаарындагы мотоаткычтар полкунда снайпер болуп кызмат кылдым. 1984-жылы Оогастанда согуш абдан күчөп турган мезгилде мени ошол жакка кызмат кылганы жөнөтүштү. Анткени Ооганстан мусулман өлкөсү болгондуктан, ал согушка көбүнчө мусулмандардын балдарын жөнөтүшчү. Алгач Ашхабад шаарынан Ооганстандын борбору Кабулга, андан соң Шиндант деген шаарга учтук. Ал жерден бизди полкторго бөлүп жиберди. Шиндант шаары Герат деген атактуу шаардын жанында экен. Мен 40-армиянын 101 мотоаткычтар полкунда 1985-жылга чейин кызмат өтөдүм. Биз көбүнчө Советтик аскерлердин ташыган жүктөрүн бир шаардан экинчи бир шаарга коштоп барчубуз. Эми ойлосом жаш, курч экенбиз, өлүм эмне экенин ошондо сездик. Күн сайын, саат сайын жаныңдагы бирге кызмат кылган жоокерлер жок болуп турат. Бомбалардын алдында калышат. Колу-буттары үзүлүп кеткендери бар. Кээ бирлеринин өлүктөрүн тааныбай калабыз. Ошондуктан бизге дайыма куру патрондун ичине аты жөнүбүздү, жашаган жерибизди жазып, эки жерге тигип коюшчу. Кокусунан өлүп калсаң ошол патрондун ичиндеги жазуу аркылуу таап алышчу. Мен да үч жолу курчоодо калып, жарадар болдум. Бизди башка полктон келип куткарып кетишкен. Оогандык жоокерлер да ошол мезгилде мыкты куралданышкан экен. Бизге бир жолу тоолордун эң бийик чокусунда жайгашкан душмандарды жок кылуу буйругу берилди. Тоонун чокусун алуу өтө көп кыйынчылыктарга турду, тынымсыз согушуп жатып, авиациянын күчү менен алардын дзотун алдык. Чындыгында алар согушка катуу даярданышкан экен. Душмандар тоонун чокусун бетондоп ок өтпөс кылып бекемдешиптир. Ошол оор согушта Кыргызстандан барган биз курактуу жаш балдардын көбү мерт болуп кетишти. Менин ичер суум, көрөр күнүм бар экен минтип жашап жатам. Бирок, Ооганстанда кызмат кылган балдардын көбү ар кандай оорулар менен ооруп, көбү эрте эле бул дүйнөдөн өтүп кетишти. Берген пенсиясынын өлчөмү деле көп эмес. Көптөгөн балдар стресске чалдыккан. Көбү жарадар болуп, майып болуп калышкан. Мен деле ооруга чалдыктым, ошол согуштан тапкан пайдам ушул болду. Уктай албайм, дагы эле болсо канча жыл өтсө да чоочуп ойгоном. Көздөрүм жакшы көрбөйт. Согуштан кийин ушундай болуп калдым. Көп нерсени көтөрө албайбыз. Ооган согушунда кырчындай жаш балдар өлүп кетти, бул согуш бизге кайгы-капаны алып келди.
— Жолдошбай, азыр сен Москва облусунун Балашихова шаарында жашайт экенсиң, ал жакка кандайча кетип калдың?
— Мен аскерден кызмат өтөп келгенден кийин билим алуу үчүн 1985-жылы Москва шаарына (анда биздин борбор эмес беле) окууга барып, МЛТИ (Москва токой-техникалык институтун) ийгиликтүү аяктап инженер-экономист деген кесипке ээ болуп, айылга келип токой чарбаларынан өзүмө ылайыктуу иш таппай калдым. Баары тааныш-билиш менен ишке орношот экен. Бул жерде сага ылайыктуу иш жок дешти. Эки жылдай Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасында, Таш-Көмүр шаарында ар кайсы жумуштарда иштеп жүрүп, акыры 2002-жылы өзүм билим алган Москва шаарына кетип, ушул күнгө дейре ошол жерде иштеп жатам. Азыркы күндө Москва облусунун Балашиха шаарында бак-чарбачылык компаниясында электрик болуп иштеп жатам. Эки уулум, үч неберем бар. Мекениме, туулган жериме барып турам.
Орункул САТЫКУЛОВ
№11 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 14-февралы