Европа биримдигинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Томас Никлассон менен Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун жолугушуусунда эл аралык терроризмге, мыйзамсыз баңги каражаттарын жүгүртүү маселелерине каршы биргелешип күрөшүү маселеси талкууланды. Ошондой эле аймактагы коопсуздукту сактоого басым жасалды. Ооган элине ыкчам гуманитардык жардам көрсөтүү маселеси да айтылды. Томас Никлассон кийинки күнү Президенттин атайын өкүлү Таалатбек Масадыков менен да жолугушту. Таалатбек Масадыков Батышта жана Ооганстанда гана эмес, бүтүндөй аймакта күндөн-күнгө татаалдашып бараткан кырдаалды жөнгө салуу жолдорун тез арада издөөнүн зарылдыгын баса белгиледи.