БУУнун Генералдык катчысы Антониу Гутерриш Ооганстандын убактылуу тоңдурулган валюталык резервдерин кайра иштетүүгө уруксат берип, Кабулга эл аралык каржылык жардам берүүгө чакырды. Ал мунун себебин Ооганстанда азык-түлүк таңкыстыгы жаралганына байланыштуу калк арасында ачарчылык күчөп жатканы менен түшүндүрдү.
«Талибан» кыймылы бийликке келгенге чейин эл аралык коомчулук берип жаткан жардам Ооганстандын ички дүң өндүрүмүнүн 40%ын жана бюджетинин 80%ын түзүп келген. Ал эми талибдердин бийлиги орногону, сырттан келген каржылык колдоо толугу менен токтогон.
БУУнун маалыматына ылайык, 39 млн. калкы бар Ооганстандын эли учуурда ачарчылыкка кабылды. Тамак-аштын жетишсиздигенен каза болгон адамдардын саны күн санап өсүп келет. Айрымдар органдарын сатып (бөйрөктөрүн саткан учурлар) жан сактап жатышса, кээ бирлери тамак үчүн балдарын сатып жатканы айтылууда.