"Эркин-Тоо"

Ооганстанда жакырчылыктан адамдар бөйрөктөрүн сата башташты — ВИДЕО

Ооганстандын эли көп жылдар бою жакырчылыктан жапа чегип келишет. Ал эми “Талибандын” бийликке келгени өлкө эл аралык каржылык колдоодон кол жууп, абал мурдагыдан дагы оорлошту. Ачаарчылыктын айынан үй-бүлөлөрүн багуу максатында адамдар бөйрөктөрүн сата башташты.

Ахмад Шекаиб – дарыгер:

“Азык-түлүктүн жетишсиздигинен улам жана каржылык көйгөйлөрүн чечүү үчүн көптөгөн адамдар бөйрөктөрүн сатууга аргасыз. Алар өздөрүнүн ден соолуктарын тобокелге салып жаткандарын түшүнүп турушса дагы, жокчулук бардыгын жеңип кетип жатат. Ооганстанда донорлук маданият таптакыр башкача. Бул жактагы донорлордун дээрлик бардыгы акчага муктаж болгон ыктыярчылар”.

40 жаштагы Гулам Хазрат буга чейин бир нече ирет өлкөдөн чыгып кетүүнү көздөгөн. Бирок максаты ишке ашпай, ал бир бөйрөгүн сатууга муктаж болгон. Операциядан кийин ал оор жумуштарга жарамсыз. Гулам Хазрат эми бир жылдан ашуун убакытка чейин ден соолугун калыбына келтирүү аракетин көрөт.

Гулам Хазрат – донор:

“Өлкөдө жумушсуздук. Мен тилемчи болуп көчөгө чыккым келген жок. Андыктан, ооруканага барып бөйрөгүмдү сатканга аргасыз болдум. Бул акчага балдарымды бир канча убакытка чейин бага алам”.

Ооганстанда бир бөйрөктүн баасы кандын группасына жараша 2 000 доллардан 4 000 долларга чейин турат. Ал эми операциянын өзү, дары-дармектер жана дарыланууга кайрадан эле к өптөгөн каражат талап кылынат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!