"Эркин-Тоо"
Пресс

ООМАТ БАКТЫСЫНАН КУРУ БОЛБОГОН ТЕМИР САРИЕВ

Мурдагы өкмөт башчысы Темир Сариев соода-өнөр жай палатасынын төрагасы болуп шайланды. Мындай кабар Ала-Тоо ичине желдей тарады. Аты улук болгон соода-өнөр жай палатасы Кыргызстан экономикасынын дүйнөлүк экономикага интеграцияланышына көмөктөшкөн өкмөттүк эмес уюм. Мекеме ишкерлердин кызыкчылыгын көздөп, алардын атынан иш алып бара алат. Буга чейин соода-өнөр жай палатасын жетектөөгө үч талапкер тандалгандыгы маалымдалган. Жалпы жонунан тогуз киши президент болуу ниетин билдирген, бирок талапкер катары үчөө тандалып алынган болчу. Ошентип, Темике, аты улук кызматты колго алды. Кудай оомат бактысынан куру калтырбаса, учуру келгенде жылт этип чыга келет экен да.