"Эркин-Тоо"

Оор өнөкөт дарты бар он кыргызстандык Түштүк Кореяда акысыз дарыланат.

Оор өнөкөт дарты бар он кыргызстандык Түштүк Кореяда акысыз дарыланат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 12-августта элчи Аида Исмаилова Кемёнг университетинин алдындагы Донгсан медициналык борборунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөн. Алар аталган борбордо кыргыз студенттери менен дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн сүйлөшүп, Кыргызстанда биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу маселелерин талкуулашкан. Бул долбоорлордун ичинде ЖОЖдун филиалын, медициналык борбор же медициналык мектеп ачуу пландары бар.

Мындан тышкары, тараптар өнөкөт оор дарты бар Кыргызстандын 10 жаранын Кореяда акысыз дарылатуу мүмкүнчүлүгүн да талкуулашкан.

Корей тараптын маалыматы боюнча, беш адамдан турган биринчи топ Кореяда 17-сентябрдан 30-сентябрга чейин жүрүшү мүмкүн. Ал эми экинчи топ 15-октябрдан 30-октябрга чейин барышы күтүлүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!