Москвада оор атлетикадан кезектеги дүйнөлүк биринчилик жыйынтыкталды. Москвага 38 өлкөдөн 356 ташбилек балбандар (180 жигиттер, 176 айымдар) чогулушуп күч сынашты. Бир жумага созулган таймашта Украина курама командасы 1-орунду камсыз кылды. Алар 10 алтын, 3 күмүш жана 4 коло байге алышты. Россиялыктар 24 медаль топтошкону менен 10-орунда калышты. Себеби, эки эле алтыны бар, калгандары 12 күмүш, 10 коло медалдар.