"Эркин-Тоо"

Оорукана жетекчилерине талап коюлат

Мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерин жеке клиникаларга ишин айкалыштырып жумушка орноштурууга тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Бул мыйзам долбоору оорукана жетекчилеринин жеке клиникаларда иштөөгө алаксыбай, өздөрүнүн милдеттерин  так аткарууга багыттоо максатынды иштелип чыгууда.

Ошондой эле бул сунуш коррупциялык схемаларды азайтып, тейлөөнүн сапатын жакшыртууга жана саламаттык сактоо системасына коомчулуктун ишенимин жогорулатууга багытталганы кошумчаланган.