Бала чагынан көз көрүүсү начарлап, 16 жашында толугу менен көрбөй калган Болот Мамбеталиев өзү ойлоп тапкан көнүгүүлөр аркылуу көрө баштаган. Ал азыр өзүнүн чакан ден соолук борборун ачып, ар кандай оорулардын кесепетинен кыйналып жүргөндөрдү калыбына келтирип, жардам берип келет. Кайрылгандарга ал атайы көнүгүүлөрдүн схемасын түзүп, ар бирине жеке физикалык көнүгүүлөрдү аткартат.