"Эркин-Тоо"

Оош-кыйыш замандан озгон инсан

Адатта, эл-журтка ар ким эле тааныла бербейт эмеспи. Анын сыңарындай, көсөмдүгү, эмгекчилдиги менен эл ичинен суурулуп чыгып, түйшүктүү кесипти аркалап, жасаган ишинин жарыгы жалпы калкка тийип, анысы узун элдин учунан кыска элдин кыйырына аңыз болуп айтылып калган, өмүрү башкаларга өрнөк болгон инсандарды кеменгер элибиз төбөсүнө көтөрүп, сый-урматка бөлөп келген. Мындай катмарда СССРдин  эмгек сиңирген ирригатору, кыргыз элинин сыймыктуу уулу Кыдыргыч Аманалиев да бар.

Кыдыргыч Аманалиев 1934-жылдын 9-майында Жумгал районундагы Чоң-Дөбө айылында туулган. Балалыгы согуштун катаал жылдарына туш келген Кыдыргыч Аманалиев жаштайынан тарта турмуштун оор жүгүн тартып өскөн. Дилгирлиги, жөндөмдүүлүгү менен башкалардан айырмаланган Кыдыргыч Аманалиев 1958-жылы Кыргыз Айыл-чарба Институтунун гидромелиорация факультетин ийгиликтүү аяктаган. Мына ушул жылдан тарта ардактуу эс алууга чыкканга чейин Кыдыргыч Аманалиевдин эмгек жолу бул тармак менен тыгыз байланышта болду.

1958-жылдан 1962-жылга чейин кичи мекени Жумгал райондук Суу чарба мекемесинде башкы инженер болуу менен эмгек жолун баштап, кийин бул мекемени жетектеген. 1962-жылы ишине тың, жөндөмдүү жаш кадр Кочкор райондук УОСуна башкы инженердик кызматка дайындалып, ал жакта 1964-жылга чейин иштеген. 1964-жылдан 1967-жылга чейин Орто-Токой суу чарбасынын башчысы катары өтө маанилүү курулуштардын бири болгон Орто-Токой суу сактагычынын курулушуна жана анын ишке киришине барандуу салым кошкон. Андан соң, 1967-жылдан 1971-жылдар аралыгында кичи мекени Жумгал районунун Суу чарба мекемесин жетектеп, бул жылдар аралыгында Кыдыргыч Аманалиевдин жетекчилиги астында райондогу суу чарбасына байланыштуу бир катар көйгөйлүү маселелер чечилип, жүздөгөн чакырымдагы каналдар, суу сактагычтар жана айыл жерлеринде суу түтүктөрү ишке кирген.

Кыдыргыч Аманалиевдин эмгек жолунун урунттуу учурлары 1971-жылдан тарта башталган. Ал 1971-жылы кайрадан Кочкор районунун Суу чарба мекемесине жетекчи болуп келген. Кар жатпаган касиеттүү кең Кочкор өрөөнүнүн гүлдөп өсүшүнө Кыдыргыч Аманалиевдин эмгеги ат көтөргүс экенин Кочкор эли азыр да аңыз кылып айтып келишет. Себеби, азыркы учурда да Кочкор эли пайдаланып жаткан ондогон суу сактагычтар, жүздөгөн чакырымга созулган бетон-лоток каналдар, элди таза суу менен камсыздаган суу түтүктөрүнүн дээрлик басымдуу бөлүгүнүн, тагыраагы 80%нын курулушу Кыдыргыч Аманалиевдин эмгеги менен ишке ашкан.

Өз заманына каармандык кылган Кыдыргыч Аманалиевдин Кочкор райондук Суу чарба мекемесин жетектеп турган учурда Суу чарба кызматкерлери үчүн Кочкор ПМКсынын аймагында суу түтүктөрү, жол, телефон жана жылуулук менен камсыздалган толук шарты бар чакан айыл курганын бир кездеги кесиптештери сыймыктануу менен айтып жүрүшөт.

СССРдин ыдырашы менен өлкө өз ордун таппай, ишканалар түгүл бүтүндөй айыл-чарба, ири завод-фабрикалар талоонго учурап, тонолуп жатканда көсөм жетекчи Кыдыргыч Аманалиев өзү жетектеген Кочкор райондук Суу чарба мекемесинин өндүрүш жабдууларын, техникаларын, мекеме жамаатынын негизги адистерин толук сактап калганы да алкоого арзый турган иш болгон. Натыйжада, бул ишкана күнү бүгүн да өз кызматын аткарып, Кочкор жергесинин гүлдөп-өсүшүнө өз салымын кошуп келет.

Кыдыргыч Аманалиевдин ак ниеттүүлүк менен аткарган ак кызматы эң ириде калк алдында, андан соң Өкмөттөн өз баасын татыктуу алганына тарых күбө. 30 жылдан ашуун аткарган ак кызматы үчүн бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды. Эмгегинин арты менен “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ирригатору” наамынын жана Кыргыз Республикасынын “Ардак Грамотасы” баш болгон бир катар наам-сыйлыктарды багынтты.  Мамлекет алдында ысык жүрөк, адамдык ак адили менен жасаган адал эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө эмгек сиңиргендиги үчүн” мамлекеттик пенсиясы ыйгарылган.

Эл калыс! Бүгүн Кыдыргыч Аманалиев атындагы кең көчө жатат суналып… Каарманыбыздын элге-журтка, өзгөчө Кочкор элине кылган асыл эмгегин татыктуу баалашып, хандар-бектер чыккан каракочкорлуктар өздүк сунушу менен эл уулунун ысымын Кочкор айылынын бир көчөсүнө ыйгарып алышкан. Аныгында элдик инсан үчүн көпчүлүктүн берген мындай баасынан өткөн олжо жоктур…

Уул-кыздарын да өзүндөй эл жүгүн аркалаган инсан кылып, тектүү жердин урпактары кылып тарбиялаган Кыдыргыч Аманалиев бүгүн 3 уул, 3 кыздын ардактаган атасы, небере-чөбөрөлөрдүн сүйүктүү чоң ата, таятасы болуп, алардын сый-урматына бөлөнүп, кутман курак карылыктын чайын ичип, бактылуу өмүр сүрүүдө.

Улуу Жеңиш күнүнө улай өмүрү өрнөк атабыз 90 жашка толуп, жалпы жакындарын кубанычка бөлөп турат. 90 жаш айтканга жеңил болгону менен бул жаштын артында тоодой эмгек турганы баарыбызга маалым. “Ак эмгектин наны таттуу” – дегендей, Кыдыргыч Аманалиевдин талыбас эмгегинин, көрөгөчтүгүнүн, маңдай теринин арты менен турмуштан өз ордун татыктуу тапканы бул келечек муунга чоң сабак болуп кала берет.

 

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!