Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев 2025-жылы 23-январда Ош шаардык мэриясынын коллегиясынын жүрүшүндө жаңы мэр Жеңишбек Токторбаевди мэриянын жамаатына тааныштыргандан бери Ош шаарында чоң өзгөрүүлөр болуп жатканына коомчулук күбө болууда. Адылбек Касымалиев мэрди жаңы кызматка дайындап жатканда шаарды өнүктүрүү жана анын социалдык-экономикалык туруктуулугун чыңдоо процессинде жетекчиликтин ролу чоң экенин белгилеп, Жеңишбек Токторбаевдин алдында шаардын инфраструктурасын комплекстүү өнүктүрүү, жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу, жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча чоң милдеттер турганын баса белгилеген эле.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кызматка дайындалары менен бир айдын аралыгында кызыл сызыктан мыйзамсыз чыгып, шаар көчөлөрүн тарытып, жалпы коомчулукка тоскоолдук жараткан шаардагы мыйзамсыз курулуштарды көчүрүп-тазалоого катуу киришкенин жалпыга маалымдоо каражаттарынан, интернет желелеринен көрүп жатабыз. Шаарды тазалоо боюнча иш алып барып, коомчулуктун назарын өзүнө бурган Жеңишбек Токторбаевдин мыйзамдуу иштери албетте колдоого аларлык маселе. Мындай көрүнүштөн кийин караламан элди түмөн түйшөлткөн суроолор жаралат. Отуз жыл аралыгында Ош шаарынын мэрлик кызматын аркалаган чиновниктер эмне үчүн шаардагы мыйзамсыз курулуштарга кайдигерлик менен карап, жол берип келген? Албетте курулуш ээлери тиешелүү мамлекеттик, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери кол коюп берген кандайдыр бир уруксат кагазына таянуу менен курулуш жүргүзгөн болушу керек. Ал кызыл сызыктан чыгып, шаардын көчөлөрүн тарытып объект курган адамдарга уруксат кагаздарды ким, кайсы мыйзамга таянып берген? Мыйзам алдында аларга жоопкерчилик жокпу? Бул сөзсүз көңүл бурулуучу маселе.
Эмне себептен отуз жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мындай мыйзамсыз курулуштарга тыюу салып, шаардагы мыйзамсыз иш аракеттер боюнча мыйзам көзөмөлдөө органдарына кайрылып, мыйзамдуу иш алып барган эмес? Шаардын прокуратурасы эмне себептен шаардагы мыйзам бузууларга жол берген? Эгерде белгиленген кызыл сызыктан чыгып коммерциялык ишканалар курулуп, анын ээси ак эмгеги менен киреше тапкан абийирдүү ишкер болуп, сарптаган каражатынан пайда көргөн болсо, мейли. А эгер катардагы бир карапайым жаран, болгон дасмиясын жумшап, объект куруп алып, ал курулушу бүгүн мыйзамсыз деп табылып, бузулуп жатса ага кимдир бирөө мыйзам алдында жооп бериши керек го. Мыйзамсыз деп табылган чийимден чыккан курулуштарга экс-шаар жетекчилери токтом чыгарып берип, ага мамлекеттик каттоодон менчик укугун аныктаган мамлекеттик АКТ берилген болсо, анда ким кимди жоопко тартуу маселеси экинчи планга чыгып, биринчи кезекте жеке менчик ээсине мамлекет өзү каттаган кыймылсыз мүлктүн баасына ылайык компенсация төлөп берүү маселеси каралууга тийиш.
Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жеке өзү көзөмөлгө алып, мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүп жаткан көйгөй жеке эле Ош шаарында эмес. Бул көйгөй борборубуз Бишкек шаарынан баштап бардык районго баш ийген шаарларга, айыл-кыштактарга чейин каптап кеткени кимге жашыруун?! Бут коёрго жер калтырбай мыйзамсыз курулуштарды куруп алган шаар, кыштактар четтен чыгат. Алыс барбай Бишкек шаарынын көчөлөрүнө чыгып карап көрсөңүз, жөө адамдар жүргөн тратуарларга мыйзамсыз чыгып курулган курулуштар кадам сайын кездешет. Эмне себептен Кыргызстандын 530 административдик-аймактык бирдиги – 7 облусу, 40 району, 31 шаары (алардын ичинен 1 республикалык маанидеги шаары, 12 облустук маанидеги шаары, 18 райондук маанидеги шаары) 452 айыл аймагы Ош шаарында жүргүзүлүп жаткан реформаны тамаша кылып карап отурабыз?! Эмнеге жалпы республика боюнча жапа тырмак киришип, мыйзамсыздык менен системалуу түрдө күрөшпөйбүз! Колду бөйрөккө таянып алып, “Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бир күнү чарчайт! Көпкө узабайт!..” деп тамаша кылып карап отура бербей, ар бир мамлекеттик жетекчи өзүнүн аймагында мына ушундай көрүнүктүү реформа жүргүзүп, мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюп, буга чейинки мыйзам бузуулар менен күрөшүп, жокко чыгарууга тийиш! Ошондо карапайым элдин бийликке болгон ишеними дагы да жогорулап, ийгиликтер жаралат.
Мамлекеттик жетекчиби, ишкерлер болобу же жөнөкөй жаранбы, ким болбосун мыйзамсыз иш-аракеттин соңу жакшылык менен бүтпөсүн көрүп-билүүгө тийиш. Элдин аң-сезими качан ойгонот, качан гана мыйзам бузган жаран ким экенине карабай мыйзам чегинде жоопко тартылып, кызматтык даражасына, байлык, бийлигине карабай мыйзамга баш ийгенде ойгонот. Ошондо ар бир жаранда, кандай иш-аракет болбосун мыйзамга дал келбесе, эртеби-кечпи мыйзам алдында жооп берем, – деген түшүнүк жаралып, тартип орнойт. А тартип бар жерде өнүгүү болот! Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин күнү-түнү тынбай аткарып жаткан иш-аракети башка жетекчилерге үлгү болорлук көрүнүш. Ал мыйзамсыздык менен жеке өзүнүн кызыкчылыгын көздөп күрөшүп жаткан жок. Ондогон, жүздөгөн, миңдеген адамдарга жакпай калышы мүмкүн, бирок миллиондогон жарандарга ыңгайлуу шарт түзүп, шаардын гүлдөп өсүшүнө, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошуп, Кудайга жагарлык иш жасап жатканына караламан эл өзү күбө болуп жатат.
Бахпурбек Аленов