"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

Опера жана балет театрынын жетекчисине жаңы орун басар дайындалды

Каныбек Саяк уулу Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Каныбек Саяк уулу — искусство жана маданият тармагында 10 жылдан ашык кесиптик тажрыйбасы бар адис. Ал 1991-жылы 26-мартта Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кочкор айылында төрөлгөн.

Билими:

  • Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы студия — «Элдик ырларды аткаруу» адистиги
  • Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети — «социалдык-маданий ишмердүүлүк (менеджер)».

Эмгек жолу:

  • 2014-2015-жж. — А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, хор артисти (Бишкек);
  • 2015–2017-жж. — М.Мусулманкулов атындагы музыкалык мектеп, вокал мугалими (Кочкор);
  • 2017–2018-жж. — Ж.Абдыкалыков атындагы маданият үйүнүн алдындагы музыкалык-драмалык театр, актёр (Кочкор);
  • 2018–2022-жж. — Ж.Абдыкалыков атындагы маданият үйү, директор (Кочкор);
  • 2022–2025-жж. — А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры, хор артисти (Бишкек).