Каныбек Саяк уулу Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Каныбек Саяк уулу — искусство жана маданият тармагында 10 жылдан ашык кесиптик тажрыйбасы бар адис. Ал 1991-жылы 26-мартта Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кочкор айылында төрөлгөн.
Билими:
- Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы студия — «Элдик ырларды аткаруу» адистиги
- Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети — «социалдык-маданий ишмердүүлүк (менеджер)».
Эмгек жолу:
- 2014-2015-жж. — А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, хор артисти (Бишкек);
- 2015–2017-жж. — М.Мусулманкулов атындагы музыкалык мектеп, вокал мугалими (Кочкор);
- 2017–2018-жж. — Ж.Абдыкалыков атындагы маданият үйүнүн алдындагы музыкалык-драмалык театр, актёр (Кочкор);
- 2018–2022-жж. — Ж.Абдыкалыков атындагы маданият үйү, директор (Кочкор);
- 2022–2025-жж. — А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры, хор артисти (Бишкек).

